2024-жылдын 12-апрель күнү кесиптик колледждин котормо иши бөлүмүнүн 1-курс студенттери жумурай журтка белгилүү болуп калган ыйык жай менен таанышуу  максатында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышып, таазим кылышты.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине  баруу студенттер үчүн өлкөбүздүн өткөнү менен гана таанышуу эмес, бул студенттерге  мурасты сактоого жана улантууга дем берди. Студенттер ата-бабаларыбыздын шыктандыруусу менен, алардын мурасын келечек муундарга өткөрүп берүүгө даяр жаңы ачылыштар менен кетишти.

(С) Доолотбакова Ракыя — которомо иши бөлүмүнүн окутуучусу

Добавить комментарий