Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар
Педагогика факультетинин окутуучулары ар кандай иш чараларга катышууда

КУУда “Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары” аттуу семинар-тренинг болуп өттү
2022-жылдын 26-27-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдыгына арналган “Тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг болуп өттү. Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктоо сөзүн айтты.
Улуттук университетте "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу боюнча тренинг башталды
2022-жылдын 27-январь күнү эрте мененки саат 10до 8-окуу имаратындагы конференц-залда 2020-жылдын 13-ноябрында президенттин м.а. Садыр Жапаровдун №39-жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан уюштурулган "Жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү саясаты жана практикасы" аттуу тренинг башталды. Жыйынга Чүй областынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында иштеген кызматкерлер катышууда.
Социологиялык изилдөө борборунда фокус-группалык талкуу өткөрүлдү
2022-жылдын 25-январында Асанбек Табалдиев атындагы социо-маданий социологиялык изилдөөлөр борборунда “Кыргыз коомун социалдык туруксуздуктардын шарттарында чыңдоонун социалдык технологиялары: жаштар мисалында” деген темада фокус–топтук тегерек стол болуп өттү. Иш чарада жаштардын коомдогу көйгөйлөрү талкууланып, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана маданий маселелердин коомдун социалдык абалына тийгизген таасирлери эске алынышы керектиги айтылды.
№7-жатакананын жашоочусу бокс боюнча жаштар арасындагы чемпионатта күмүш байге жеңип алды
2022-жылдын 23-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын бокс боюнча жаштар арасындагы чемпионаты аяктады. 20-январда башталган мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 19 салмактык категория боюнча 140 мушкер катышты. Чемпионатка №7-жатаканада жашаган Берди кызы Санирабига да катышып, 60кг. салмактык категорияда экинчи орунду ээледи.
Бабыржан Төлбаев кыргыз-кытай факультетинин активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү
2022-жылдын 24-январь күнү башкы имараттагы конференц-залда КУУнун көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы, "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Бабыржан Төлбаев кыргыз-кытай факультетинин активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Төрага Улуттук университеттин өнүгүүсүнүн айрым багытары жана аларды ишке ашыруунун жолдору тууралуу айтып берди. Бабыржан Лотихановичтин айтымында, Кыргыз улуттук университети - азыркы учурда өлкөнүн көрүнүктүү жогорку окуу жайларынын бири. Биз аны мындан да жакшы, мындан да күчтүү университетке айландырышыбыз керек! Ал үчүн студенттерден жана кызматкерлерден турган "стратегиялык команда" түзүп, бүткүл "энергияны" бир жерге топтоп, керектүү тарапка багытташыбыз абзел.
Матфактын студенттери Т.Сатылгановдун музейинде болушту
2022-жылдын 24-январында кыргыз тилчи Элтузерова Гүлзина кышкы эс алуу учурунда матфактын 1-курсунун айылга барбай, шаарда эс алып жаткан студенттери менен бирге маданий агартуучулук максатында Т.Сатылгановдун музейине барып, Токтогулдун башка замандаш акындардан жана комузчу-төкмөлөрдөн айырмасы - ал универсалдуу, б.а. көп кырдуу таланттын ээси болгонуна күбө болуп келишти. Ал теңдешсиз акын, улуу комузчу, шаңшыган ырчы, саясий идиреги өтө күчтүү ойчул, санатчы, төкмө, куудул болгондугун, Токтогулду Токтогул кылган, атын кылымга калтырган чыгармалар - анын дүйнө, өмүр жөнүндөгү классикалык саптары, адам баласынын бу жарык дүйнөдөгү бийик вазипасы, асыл наамы, милдети тууралуу ырлары, эл-жер тууралуу термелери, насыяттары, тууган жердин турпагын сагынгандагы кербездери, ботойлору, кайрыктары экендигин музейдин кызматкери жеткиликтүү баяндап берди.
Бабыржан Төлбаев Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы болуп шайланды
2022-жылдын 21-январь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда министрликтин буйругу менен түзүлгөн Улуттук университеттин көзөмөлчүлүк кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп "М Булак" микрокредиттик холдингинин башкы директору Төлбаев Бабыржан Лотиханович шайланды, ал эми кеңештин катчысы милдетин Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкулчүлүгүнүн программалык координатору Бактыбек уулу Айдин аткармай болду.
"КУУнун сыйлыктары жөнүндөгү жобонун" жаңы редакциясы иштелип чыкты
"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы №1514/1–буйругу менен бекитилген "Ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобонун" жаңы редакциясынын талаптарына ылайык "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин сыйлыктары жөнүндөгү жобого" да айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болду", - деп айтылат КУУнун кызматкерлерине сыйлык берүү боюнча комиссиянын сунуштамасында.
Матфак - теннис, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча Улуттук университеттин чемпиону!
Факультеттер аралык ”Ден cоолук-2022” спартакиадасында стол тенниси, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча турнир болуп өттү. Математика жана информатика факультетинин аталган спорттун түрлөрү боюнча курама командасы атаандаштарын артта калтырып, теннис, волейбол, стритбол жана тогуз коргоол боюнча Улуттук университеттин чемпиону аталды. Факультет жамааты өз командасын бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.
Улуттук университетте "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болду
2022-жылдын 15-январында 6-окуу имаратындагы спорт залда "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болуп, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров баардык спорт сүйүүчүлөрүн ден соолук майрамы менен куттуктады. Андан кийин футбол боюнча турнир өткөрүлүп, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, "Эң мыкты оюнчу" деп табылган кесиптик колледждин оюнчусу Жандос Айдаралиевге акчалай сыйлык берилээрин билдирди.
Педагогика факультетининын волейболчу кыз-келиндери спартакиадада 2-орунду ээледи
2022-жылдын 13-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан факультеттер аралык «Ден соолук-2022» спартакиадасынын алкагында волейбол боюнча таймаш болуп, педагогика факультетинин волейбол боюнча кыз-келиндер командасы 2-орунду камсыз кылышты. Ал эми 1-орунду математика жана информатика факультетинин курама командасы ээледи.
Тарых жана чөлкөм таануу факультети окуу-усулдук семинар уюштурду
2022-жылдын 13-январында тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кубат Табалдиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде археологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшү» аттуу темада окуу-усулдук семинар өттү. Тарых жана чөлкөм таануу факультети уюштурган иш чарага И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин , ОшМУнун, БатМУнун, ТалМУнун, С. Нааматов атындагы НМУнун, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, Борбор Азиядагы Америка университетинин ж.б. жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, магистранттары жана студенттери, о.э. Улуттук тарых музейи баш болгон региондордогу баардык музейлердин кызматкерлери да катышты.
КУУнун профессорлору менен магистранттары Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
2022-жылдын 10-январь күнү М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде «Монгольская империя: ее роль в истории и судьба наследия и наследников» аттуу илимий-методикалык онлайн-семинар болуп өттү. МУУнун Азия жана Африка өлкөлөрү институту тарабынан уюштурулган иш чарага КУУнун профессорлору Памира Кадырбекова, Нурлана Ахметова жана кыргыз филологиясы факультетинин магистранттары А.Жекшеналиева, А.Алтынбекова, Н.Боркошев, Рахман кызы Эркайым, М.Калыбекова, А.Кыдыңова Г.Надырбекова жана Ж.Шаршенбаевалар катышты.
№7-жатаканада депутат Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу болду
2022-жылдын 11-январында №7-жатаканада Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Нуржигит Кадырбеков менен жолугушуу болуп өттү. Комендант Жакшылык кызы Асель тарабынан уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө депутат студенттерге күчтүү таасир калтырды. Жолугушууга о.э. жатаканалардын менеджери Б.Шабданов, "Ак Демилге" фондунун төрагасы Мирлан Акматалиев, "Дил-Мүрөк" адеп-ахлак борборунун жетекчиси Темирлан Акматов, ырчы Нарынбек Калбаев катышып, "Дил-Мүрөк" борборунун өкүлдөрү активдүү, жакшы окуган 3 студентке чакан белектерин тапшырышты.
Улуттук университет Баткен районундагы “Дөбө” орто мектебине гуманитардык жардам көрсөттү
2022-жылдын 10-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан “Дөбө” орто мектебинин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.
№7-жатаканада жашаган балдар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү
2022-жылдын 3-январында Бөкөнбев көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан кичи футбол аянтчасында №7-жатаканада жашаган балдар арасында жаңы жыл майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ден-соолукту чыңдоо жана балдар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлгөн оюнга кабаттарда жашаган студенттерден куралган командалар катышып, 1-орунду 3-кабат, 2-орунду 4-кабат, ал эми 3-орунду 2-кабатта жашаган балдардын командалары ээлешти.
Педагогика факультетинин ага окутуучусу А.С.Жуматаева үч окуу жайдын студенттерине ачык сабак өттү
2021-жылдын 17-декабрында педагогика факультетинин МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу А.С.Жуматаева USAIDдин «Окуу Керемет!» долбоорунун алкагында Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин жана окуу бөлүм башчыларынын кластердик жолугушуулар кербенининде ачык сабак өттү. Иш чара Бишкек шаарындагы №96 жалпы билим берүү мектебинде уюштурулуп, республиканын бир нече аймактарынан эксперттер ачык сабактарга катышып, сабактарга болгон анализдерин беришти.
Страница 20 из 20
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
-
Аман
31.08.2022 20:34
Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...
-
Шарип кызы Сезим
12.08.2022 07:18
Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...
-
Магистратура
04.08.2022 11:25
Юриспруденция боюнча магистрга тапшырайын дегем. Сайттан маалымат таппадым.
Студенттердин ?-лору
-
Жазгул
05.09.2022 23:06
Саламатсызбы!Ме н 2009ж окууга тапшургам ,Факультет Государственное и муниципальное управление.2014 жылы ...
-
Сезим
02.09.2022 21:55
Здравствуйте когда можно будет подойти восстановить учебу . Какие документы нужны для этого?!
-
Насип
09.08.2022 20:28
Саламатсызбы?Ма гистратура тапшырайын дегем, озум кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктагам ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Жазгул
03.09.2022 21:15
Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...
-
Гулзира
22.07.2022 12:08
Мен Қазақстанның тургунымын. КУУ нин бутургом, диплому уйөмүз өртөнгөде өртенип кетти кайра ...
-
Нурсултан
18.05.2022 11:43
Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта