Четверг, Сентября 19, 2019
kg_m RU

Салават Сагитовго "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

0

2018-жылдын 7-май күнү КУУда Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Согуштун жана тылдын ардагерлерин Жеңиш күнү менен КУУнун ректору Канат Садыков жана бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабековдор куттукташты.

 

Студсенаттын активисттери түштүктөгү мектептерге барып келишти

002018-жылдын 12-17-апрель күндөрү студенттик сенаттын активисттери Асанбеков Атайбек, Чеченбеков Даниэл, Сатыбалдиев Токтор жана Мамат уулу Бекзат Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы бир топ шаар, район борборлоруна жана айылдарына барып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти.

 

Математика жана информатика факультетине 86 жыл

00

2018-жылдын 30-апрелинде 6-окуу имаратындагы 5-дарсканада математика жана информатика факультетинин 86 жылдык маарекеси белгиленди. Факультет жамаатын маареке майрамы менен илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев куттуктады.

 

КУУда «Мен репортер» аталышындагы видеороликтердин сынагы болуп өттү

00

2018-жылдын 25-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында «Мен репортер» аталышындагы видеороликтердин сынагы болуп өттү. Иш чараны журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева ачып, ар бир катышуучуга ийгилик каалап өттү. Сынактын калыстар тобуна Кыргызстанга белгилүү телеканалдардын жетекчилери кирди.

 

Кочкорлук жана Кадамжайлык бүтүрүүчүлөр КУУ менен таанышты

00

2018-жылдын 24, 26-апрель күндөрү Улуттук университетке Кочкор районундагы жана Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы орто билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келишип, КУУнун окуу системасы, факультеттери, иш-чаралары жана студенттердин жашоосу менен таанышып кетишти.

 

2018-жылдагы “КУУнун периси” аныкталды

00

2018-жылдын 25-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында “КУУнун периси-2018” чыгармачыл сынагынын финалы болуп өттү. Шоу концертке Улуттук университеттин 22 сулуусу катышты. Калыстар тобунун чечими менен бул жылдагы "КУУнун периси" наамы маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин студенти Жумагулова Назикке ыйгарылды.

 

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар КУУнун ардактуу профессору болду

002018-жылдын 20-апрель күнү Нобель сыйлыгынын ээси, түрк биохимиги Азиз Санжар мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Салтанаттуу иш чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырза, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Түрк кызматташтык агентствосунун координатору Али Муслу мырза, ЖОЖ ректорлору жана КУУнун окутуучулар жана студенттер жамааты катышты.

 

КУУда Апрель баатыры Ж.Кудайбергеновдун элесине арналган турнир өттү

002018-жылдын 18-апрель күнү 6-окуу имаратындагы спорт залда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын мугалимдеринин демилгеси менен 7-апрель окуясынын баатыры Кудайбергенов Жолдошбектин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Беттешке факультеттин 1-4-курстарынан 5 команда катышы.

 

Учкуч Союзбек Салиев КУУнун студенттери менен жолугушту

0

2018-жылдын 16-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында жер шарын жеңил моторлуу учак менен айланып учкан учкуч Союзбек Салиев КУУнун студенттери менен жолугушуп, учуудагы кыйынчылыктар, кызыктуу окуялардан айтып берди жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

 

КУУда мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп өттү

00

2018-жылдын 13-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекеттик тил боюнча салтка айланган студенттик олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү. Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев ачып, олимпиаданын катышуучуларына ийгилик каалады.

 

КУУда "Илек-илек" спектакли көрсөтүлдү

00

2018-жылдын 12-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жазуучу-драматург Султан Раевдин “Илек-илек” драмасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү. Театрдан алыстаган жаштардын кызыгуусун арттырган спектаклде башкы ролду Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова аткарды.

 

“КУУнун периси-2018” сынагынын финалына кимдер катышат? (толукталды)

00 miss“КУУнун периси-2018” сынагынын тандоо туру аяктап, финалдык турга даярдык башталды. 2018-жылдын 25-апрелинде Спорт ордосунда өтүүчү финалдык концертке коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент тарабынан төмөндөгү 21 студент тандалып алынды:

 

КУУда Көчмөндөр оюндарын ЖМКда чагылдыруу маселелери талкууланды

002018-жылдын 10-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу маселелери жана аспектилери” аталышындагы университеттер аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Журналистика факультети тарабынан уюштурулган иш чараны мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев куттуктоо сөзү менен ачты.

 

Профессор Э.Мамбетакуновдун чыгармачылыгы белгиленди

00

2018-жылдын 10-апрель күнү эл аралык “Шанс” китеп дүкөнүндө педагогика илимдеринин докдору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун илимий-педагогикалык чыгармачылыгына арналган кече болуп өттү. Иш чаранын демилгечилери - Кыргызстан педагогдор коому жана “Шам чырак” интеллектуалдар клубу.

 

КУУда Апрель баатырларын эскерүү кечеси өткөрүлдү

02018-жылдын 5-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Апрель баатырларын эскерүү кечеси өткөрүлдү. Жыйын 2010-жылдын 7-апрель күнү шейит кеткендерди бир минуталык эскерүү_менен башталып, КУУнун ректору Канат Садыковдун сөзү менен ачылды.

 

КУУнун студенти - кыргыз тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү

00

Кыргыз филологиясы факультетинин 3-курс студенти Элнура Шакирова 2018-жылдын 4-апрелинде И.Арабаев атындагы КМУда болуп өткөн кыргыз тили боюнча жождор аралык VI олимпиадада 1-орунга ээ болду. Ал эми 1-курс студенттери А.Кубанычбекова менен С.Токтоганова активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык баракчасын жана баалуу белектерди алышты.

 

"КУУнун сулуусу" болгуң келеби?

00

Улуттук университетте «Мисс КУУ-2018» сулуулар сынагы башталып, анын алгачкы тандоо туру 2018-жылдын 30-март күнү педагогика факультетинде өттү. Сынактын жобосу боюнча ар бир факультеттен 2-3 сулуу тандалып, алар 6-7-апрелде КУУнун чоң жыйындар залында өтүүчү жарым финалга катышат. Ал жактан өткөн сулуулар 25-апрель күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган финалда күч сынашат.

 

КУУнун студенткасы - "Мисс Бишкек- 2018” сулуулар сынагынын жеңүүчүсү

00

Экономика факультетинин 3-курс студенти Асранкул кызы Сезим 2018-жылдын 28-мартында "Saltanat Palace" ресторанында болуп өткөн “Мисс Бишкек-2018” сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды. "Beaty Company Kyrgyzstan" тарабынан уюштурулган жыл сайын өтө турчу бул сынакка быйыл 21 сулуу катышты.

 

МТ колледжинин окутуучулар жамааты ишембилик өткөрүштү

00

2018-жылдын 31-мартында маалыматтык технологиялар колледжинин окутуучулар жамааты ишембилик өткөрүшүп, №3-окуу имаратынын алдындагы бакчаны таштандылардан, акыр-чикирден арылтып, толук тазалашты. Аталган иш чара Кыргыз Өкмөтүнүн №66-б Токтомун жана Министрликтин №262/1 буйругун аткаруу максатында чыгарылган КУУнун ректорунун №84-буйругунун негизинде өткөрүлдү.

 

Токмоктук абиттуриенттер КУУ менен таанышты

00

2018-жылдын 29-март күнү университетке Токмок шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү келип, факультеттер тууралуу маалымат алып кетишти. Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин  кызматкерлери окуу жайдагы жетишкендиктер жөнүндө, ал эми кыргыз-кытай, кыргыз-европа факультеттеринин жана Конфуций институтунун жетекчилери бүтүрүүчүлөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

 

ОшМУнун жаштар комитетинин мүчөлөрү КУУга келишти

00

2018-жылдын 28-март күнү Ош мамлекеттик университетинин жаштар боюнча иш алып баруу бөлүмү менен КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери жолугушуп, эки тарап мындан ары тыгыз иш алып баруу жөнүндө маектешти.

 

№9-жатаканада электр жарыгы эмне себептен өчүрүлдү?

00№9-жатаканада жашагандардын азыркы учурдагы эӊ маанилүү суроосу - “Эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлүп, бизди чыккыла деп жатышат?”. Албетте, бул суроонун жөнү бар: ким эле жылуу-жумшак жашап жаткан жеринен козголуп, башка жакка көчкүсү келсин. Ызасы ичине батпаган кээ бирлери “Ректорат экотехинспекцияны өзү чакырып, имарат авариялык абалда деген бүтүм чыгартып жатат. Чыныгы маскат башка” ж.б.у.с. сөздөрдү да айтып жатышат. Бул, албетте, маалыматтын жетишпегендигинен улам чыккан сөз. Анткени:

 

"Кош жылдыз-2018" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

002018-жылдын 24-март күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Кош жылдыз-2018" чыгармачыл сынагы болуп, 1-орунду К.Исаев менен А.Бөдөшовдун "Эңсөө" чыгармасын аткарган факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Керимбеков Чынгыз менен педагогика факультетинин доценти Сураналиева Каным ээлешти.

 

Канат Садыков: "Жатаканаларда тартип орнотуу керек!"

002018-жылдын 26-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков №9-жатакананын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Андан кийин, ректораттын жыйындар залында аталган жатканадагы абал боюнча факультет декандары катышкан кеңешме болуп, жыйында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

 

Страница 14 из 19

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 553 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер