2025-жылдын 2-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев №7 жатаканага барып, 3-4-кабаттагы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлмөлөр, ашканалар жана санузелдер менен таанышып чыкты.
Ректор 3-кабаттын кире беришине тартылган кызыл лентаны кескен соң, “Мен былтыр ректор болуп келгенде бул жатакана менен таанышып, студенттерге 3-4-кабаттарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берем деп убада берген болчумун. Анткени, 1-2-кабаттары ал кезде бүткөн болчу. Эми жатакана акжолтой жатакана болуп, студенттер жакшы эс алсын”, – деди. Андан кийин Догдурбек Чонтоев жаңыланган бөлмөлөргө кирип, оңдоп-түзөө иштеринин сапатын текшерди жана бөлмөлөргө орнотуланган жаңы эшик, терезе, эмеректерди көрүп, мурдакы жылдарга караганда студенттерге жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов ректорго 240 орундуу жатакананын 3-4-кабатындагы 60 бөлмөдө, о.э. далистеринде жана подьезддеринде капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылып, бөлмөлөргө жаңы эмеректер орнотулганы тууралуу маалымат берди.
Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, факультет декандары, институт директорлору жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.








