2025-жылдын 26-августунда  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “Окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук-тарбиялык жана спорттук иш чараларда активдүүлүгүн көрсөткөн Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттерин 2024-2025-окуу жылындагы Президенттик стипендияга көрсөтүү жөнүндө” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Отурум август айында мезгилсиз дүйнөдөн өтүп кеткен тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев менен компьютердик технологиялар жана жасалма интеллек институтунун профессору Калыбек Чороевди бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.  

Андан кийин кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту боюнча өзгөчө салым кошкондугу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча көрсөткөн көмөгү үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, кыргыз-кытай изилдөөчүлүк институтунун (ККИИ) директору Софья Апаева, ККИИнин академиялык программасынын координатору Нурбек Мукамбаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Бажы кызматташтыгын чыңдагандыгы үчүн” медалы менен, ал эми ККИИнин котормо иши (кытай тили)  орто кесиптик бөлүмүнүн башчысы Бермет Куракеева, ККИИнин кытай тили жана адабияты билим берүү программасынын жетекчиси Асель Токсоналиева жана ККИИнин магистратура жана докторантура программасынын жетекчиси Айсулуу Молодобаева ошол эле ведомствонун Ардак грамотасы менен сыйланышты. Медаль жана грамоталарды Бажы кызматынын өкүлдөрү тапшырышты.

Ректор аталган сыйлык эмне үчүн берилип жатканы тууралуу “Кыргыз-кытай чек арасында колдонулуучу 8 миң беттен турган кытай тилиндеги ар түрдүү документтер кыргыз-кытай изилдөөчүлүк институтунун кызматкерлери тарабынан өз мөөнөтүндө, т.а. 1 ай ичинде которулуп, Бажы кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды жана учурда ал документтер кадимкидей иштетилип жатат” деди.

Жыйындын жүрүшүндө «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы жөнүндө жобо каралып, ал боюнча ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу билдирүү жасады жана аталган медаль менен кимдер, кандай шарттарда сыйланаары тууралуу маалымат берди. Медаль менен катар 100 жылдыкка утурлай чыгарыла турчу китептердин үлгүсү көрсөтүлдү.  

Күн тартибиндеги негизги маселе болгон “Окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук-тарбиялык жана спорттук иш чараларда активдүүлүгүн көрсөткөн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерин 2024-2025-окуу жылындагы Президенттик стипендияга көрсөтүү жөнүндө” жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. жаңы окуу жылына карата даярдык, майрам күндөрдөгү иш-чаралар, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү да каралып, түзүм жетекчилерине  тиешелүү тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий