2025-жылдын 2-сентябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кесиптик колледждин жалпы эмгек жамааты менен жолугушту.

Ректор кесиптик колледж университеттеги чоң колледждердин бири экендигин белгилеп, жамаатты жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Андан ары ал колледждеги окуу-тарбия иштеринин абалы, студенттердин контингенти, окуу жайдагы башкаруу системасы тууралуу сөз кылып, ректорат тарабынан кесиптик колледжге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө окуу процессине тиешелүү бир катар маселелер боюнча кенен пикир алмашуу болуп, колледждин жетекчилерине ал маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйынга административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, кадрлар башкармалыгынын башчысы Айгүл Жайнакова, билим сапатын башкаруу системасы департаментинин директору Жылдыз Койчиева, пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева, ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу жана башкы бухгалтердин орун басары Орозгүл Насирова катышты.

Добавить комментарий