2025-жылдын 10-сентябрында Япониянын англис тили мугалимдеринин ассоциациясы менен Кыргызстандын англис тили мугалимдеринин ассоциациясы биргелешип Чет тилдер институтунун англистика кафедрасы жогорку окуу жайлардын англис тили окутуучулары үчүн тренинг-семинар уюштурду.

Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан 43 окутуучу катышты. Семинардын жүрүшүндө Япониянын Конан университетинин профессору Роджер Палмер, Хиого университетинин лектору Джоан Курадо, Чет тилдер институтунун ага окутуучусу Гулнара Акунова жана Кыргызстандагы Oxford University Press өкүлчүлүгүнүн алдындагы окуу борборунун жетекчиси Аида Джусупбек кызы тажрыйбалары менен бөлүшүп, төмөнкү темаларда баяндамаларды жасашты:

  • студенттерге китепче жазууну үйрөтүү
  • студенттердин өз алдынча иштөөсү
  • студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу
  • тексттерди окутууда студенттерди ролдорго бөлүп иштетүү

Семинардын алкагында катышуучулар англис тилин окутуунун заманбап жана натыйжалуу жолдору тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүп, окутуу методдорун өркүндөтүүгө багытталган пайдалуу талкуулар жүрдү.

Иш-чара жандуу жана кызыктуу мүнөздө өтүп, соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун тарбиялык иштер боюнча координатору

Добавить комментарий