Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун магистердик даярдоо жана кесиптик кошумча билим беруу программасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Дооранов Алмазбек Пазылбекович 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып докторантура мектебинин директору кызмат ордуна бир жылдык мөөнөт менен дайындалды.
Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин 2025-жылдын 9-сентябрь күнү институт директорлору, факультет декандары жана колледж жетекчилери менен өткөргөн кеңешмесинде белгилүү болду.


