2025-жылдын 3-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин кафедра башчылары жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Иш чаранын жүрүшүндө ректор жетекчилерге окуу пландарын жаңыртуу, окуу жүгү менен штаттык бирдиктерди оптималташтыруу боюнча бир топ тапшырмаларды берип, университет мындан ары сапатка иштеши керектигин баса белгиледи. Ал үчүн кафедра башчылары менен билим берүү программаларынын жетекчилери өз милдеттерин так жана өз убагында аткаруусу керек.

Догдурбек Чонтоев о.э. Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата түзүлгөн пландар, көтөрүлгөн демилгелердин ишке ашырылышы жана жаңы окуу жылына карата аткарылган оңдоп-түзөө иштеринин абалы тууралуу кыскача маалымат берди.

Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, кадрлар башкармалыгынын башчысы Айгүл Жайнакова, билим сапатын башкаруу системасы департаментинин директору Жылдыз Койчиева, пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.

Добавить комментарий