2025-жылдын 8-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор  Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Марат Нуралиев жана Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Байсеркеев менен жолугушту.

Марат Нуралиев өзү элчи болгон мамлекеттеги билим берүү системасы, анын артыкчылыктары тууралуу жалпы маалымат берип, ал өлкөдөгү университеттердин башкы максаттарынын бири – илим, инновация жана билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү экенин белгиледи.

Аскарбек Байсеркеев Улуттук университеттин учурда жасалып жаткан иштерине жакшы баасын берип, мындан аркы мамилелерди кеңейтүүгө убакыт келгенин кошумчалады.

Ректор Догдурбек Чонтоев Улуттук университетке келгендиги үчүн меймандарга ыраазычылык айтып, эл аралык окуу жайлар менен алака түзүүгө жана өз ара кызматташууга даяр экенин билдирди. 

Иш чарага о.э. эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.

Добавить комментарий