Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 7 окутуучусу 13-июлдан 19-июлга чейин Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинде LUPIC долбоорунун алкагында жайкы лагерге катышып келишти.

Кемён университетинин компьютердик инженерия факультетинин LUPIC долбоорунун жетекчиси, профессор Джу Хон Тег жана окутуучулары КТЖИИдеги окуу дисциплиналары тууралуу пикир алышып, илимий адабият булактары менен бөлүштү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө арналган долбоор боюнча баяндамаларды жасашты.

Жайкы лагердин алкагында КУУнун окутуучулары профессор Джу Хон Тег менен биргеликте Тэгу шаарындагы алдыңкы IT-компанияларда (FORWIZ жана EGIS Co., Ltd) болушту. Ал жерде аталган компаниялардын башкы директорлору менен кызматташтык жана келишим түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мындан тышкары, Кемён университетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Юн Джиёнг мырза менен бирге Сувон шаарындагы SAMSUNG компаниясынын башкы кеңсесине барышып, 2025-жылы ишке ашырылуучу алдыңкы инновациялык технологиялар менен таанышышты.

Сеул шаарында Санарип павильонун жана 2025-жылдагы агроазык-түлүк технологиялар тармагындагы стартаптар көргөзмөсүнѳ катышышты.

Жайкы лагердин жүрүшүндө КТЖИИнин окутуучулары заманбап технологиялар жаатында жаңы билимдерди жана баалуу тажрыйбаларды алышты.

(С) Сыдыкова М.Б. – КТЖИИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий