2025-жылдын 9-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине (КУУ) Венгриянын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик катчысынын орун басары Мартон Угрошди мырза баштаган делегация келди. Делегация мүчөлөрүн КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алды.
Тараптар кыргыз-венгр ректорлорунун экинчи форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Ректор үстүбүздөгү жылдын 18-19-сентябрында өтө турган кыргыз-венгр ректорлор форумунун алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келген Венгрия делегациясына ыраазычылык билдирип, КУУда форумду жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди. Догдурбек Чонтоевдин айтымында, Кыргыз улуттук университети Будапешт экономика жана бизнес университети, Метрополитен университети, Сегед университети жана Паннония университети менен квалификацияны жогорулатуу, академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөө жана биргелешкен конференцияларды өткөрүү багытында кызматташууну көздөйт.
Венгриянын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик катчысынын орун басары Мартон Угрошди мырза Кыргызстанга болгон иш сапарынын максатына токтолуп: “Кыргыз Республикасынын Президенти менен Венгриянын Премьер-министри билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашышкан. Бул макулдашууну ишке ашыруу үчүн кыргыз-венгер ректорлорунун форумун өткөрүү пландалууда. Мартон Угрошди мырза о.э. Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун алкагынада студенттер үчүн стипендия уюштурулуп жатканын кабарлап, кыргызстандык студенттерди ушул стипендияларды утуп алып, билим алууга чакырды. Сөзүнүн аягында ал кыргыз жана венгр университеттеринин активдүү жана ийгиликтүү кызматташаарына үмүттөнөрүн билдирди.
Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги мырза 2025-жылдын 18-19-сентябрында өтө турган кыргыз-венгер форумунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыктын көптөгөн маселелери талкууланып, чечилээрине ишенээрин билдирди.
Ректор менен жолугушуудан кийин венгриялык делегациянын мүчөлөрү аталган форумдун иш-чаралары өткөрүлүүчү залдарда болушту.
Жолугушууга ошондой эле: Венгриянын Кыргызстандагы консулу Дьердь Тар мырза, миссиянын башчысынын орун басары Жолт Марис мырза, маданият жана билим боюнча дипломат Беата Фахл айым, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Кедибеков, Кыргыз-Европа факультетинин деканы Медина Нукеева жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.















