2025-жылдын 2-сентябрында Юридикалык институттун кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасы менен «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы Конрад Аденауэр Фондунун (Германия) каржылык колдоосунда тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо, фискалдык органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын, эксперттик жана аналитикалык түзүмдөрдүн, илимий-педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Койчиев А.К., Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү Андре Алгермиссен, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун директору, юридика илимдеринин доктору, профессор Сманалиев К.М., Түрк мурастары борборунун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Осмоналиев К.М., КРСУнун юридикалык факультетинин кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Сулайманова Н.Н., «Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» бейөкмөт уюмунун президенти Айтматов А.Ч., «Кыргызстандын юристтери» бирикмесинин башкармасынын председатели, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Камил кызы Гузел, Нидерланд Королдугундагы Голландия-Кыргыз Ишкерлер Кеңешинин Төрайымы Кошоева Ж.Б., саясий-укуктук чечимдерди иштеп чыгуу боюнча “Тандем” илимий-аналитикалык платформасынын аткаруучу директору Эргешбаева Т.Н. жана башкалар тийиштуу темада чыгып сөз сүйлөштү.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, ошол эле учурда КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору, доцент Какешов Б.Д. “Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн жана коопсуздугунун негиздерине каршы кылмыштарды болтурбоо жаатындагы кылмыш саясаты” деген темада монографиясынын бет ачарын өткөрдү. Бул басылма азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын келе жаткан 110 жылдыгына арналган. Монографиялык изилдөө конституциялык түзүлүшкө жана коопсуздукка каршы кылмыштардын алдын алуу чөйрөсүндө кылмыш саясатын ишке ашыруунун теориясынын жана практикасынын көйгөйлүү маселелерин ачып берет. Бул Кыргызстандын азыркы жазык укугунда конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы кылмыштарды биринчи жолу изилдөө, алардын тарыхый жана салыштырмалуу укуктук аспектилерин камтыган, бул маселе боюнча колдонуудагы мыйзамдарды комплекстүү талдоо. Ошол эле учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, күч түзүмдөрүнө, студенттерге, аспиранттарга, юридика факультеттеринин аспирантураларына жана окутуучуларына, ошондой эле кылмыш-жаза укугу, криминология жана жалпы эле коопсуздук маселелерине кызыккан бардык адамдарга сунушталат.

Добавить комментарий