Математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов 2025-жылдын 17-23-август күндөрү Москва шаарында академик С.П. Новиковдун элесине арналган “Дифференциалдык жана функционалдык-дифференциалдык теңдемелер аталышындагы X Эл аралык конференцияга (DFDE -2025) катышты. Иш чараны РЭДУнун С.М.Никольский атындагы математика институту, А.Стеклов атындагы математикалык институт жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен бирдикте уюштурду.

Аталган конференция катышуучуларынын курамы боюнча Россиядагы диффернециалдык теӊдемелер жана алардын колдонулуштары областында масштабдуу конференциялардын бири болуп саналат. Жыйынга 150дөн ашык илимпоздор катышты, алардын ичинен 40тан ашыгы – белгилүү чет элдик математиктер.

Конференция дифференциалдык теңдемелер теориясынын классикалык бөлүмдөрүн, о.э. локалдык эмес өз ара аракеттенүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн камтыйт. Алар:

  • кадимки дифференциалдык теңдемелер;
  • динамикалык системалар;
  • жекече туундудагы дифференциалдык теңдемелер;
  • математикалык физика;
  • операторлордун жарым группалары;
  • локалдуу эмес мейкиндик-убакыттуу системалары;
  • функционалдык-дифференциалдык теңдемелер;
  • колдонмолор.

Конференциянын алкагында РЭДУнун физика-математикалык жана табигый илимдер факультети менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун математика жана информатика институтунун ортосундагы математика жана колдонмо математика жана информатика багыттары боюнча кош дипломдуулук  (1+1) билим берүү программалары  боюнча келишим түзүлдү.

(С) Изат Усенов – Математика жана информатика институтунун директору

Добавить комментарий