2025-жылдын 12-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 8-имаратында жайгашкан Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинде «Экономика илимдеринин доктору, профессор Искаков Издевалды Искаковичтин маалымат-методикалык кабинети»  ачылды.

Салтанатуу иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган окуу жайдын жетекчилери жана окутуучу-профессорлору катышты.  

Кабинет Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү жана Улуттук университет тууралуу маалыматтарды камтыган стенддер менен жабдылган. Издевалды Искаковдун айтымында, университеттин 100 жылдык мааракесине карата ачылып жаткан кабинеттеги бул стенддер – мамлекеттик башкарууда окуган студенттер үчүн эң керектүү көргөзмө курал. Издевалды агай аталган мааракеге арнап өзүнүн эки китебин да басып чыгарган. Буга чейин жалпысынан 70тен ашык  илимий-методикалык эмгектери жарык көргөн.

Ректор Догдурбек Чонтоев дээрлик 30 жылдан бери университетте ак кызмат кылып келаткан Издевалды Искаковдун өз демилгеси менен кабинет ачып жатканы башкаларга өрнөк болоорун баса белгиледи.

Издевалды Искаковго иш-чарага келген меймандар, замандаштары жана Улуттук университеттин проректорлору да куттуктоо сөздөрүн айтышып, 100 жылдыктын алкагында жасалып жаткан мындай иш-чаралар окуу жайды өнүгүү жолуна алып чыгаарын белгилешти жана профессорго ийгилик каалашты.

Добавить комментарий