Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 8-август күнү Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандитаты, доцент Туратбек Токтобекович Сырдыбаев 48 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

КУУнун жалпы эмгек жамааты, ректораты жана кесиптик бирлик комитети маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Кош болуңуз Туратбек Токтобекович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыныз торко болсун!

Добавить комментарий