Сынактын негизги багыттары:

  • Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсү: социалдык-экономикалык жана саясий трансформациялар;
  • Кыргыз тилинин маданияты жана азыркы шарттарда иштешин сактоо жана өнүктүрүү;
  • Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү: Кыргызстандын экологиялык жана экономикалык чакырыктары;
  • Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо: жашоо сапатын жогорулатуу жана ооруларды алдын алуу;
  • Кыргызстандын экосистемаларынын контекстинде климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу;
  • Кыргызстандагы Индустрия 4.0: өнөр жайдагы санариптештирүү жана автоматташтыруу келечеги;
  • Билим берүү жана илимий изилдөөлөрдө санариптик трансформация: инновациялык ыкмалар жана практикалар;
  • Гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык ыкмалары.

Аталган багыттар боюнча өтүнмөлөр 2025-жылдын 20-сентябрына чейин кабыл алынат. Өтүнмөлөрдү КУУнун стимул берүүчү гранттары аркылуу долбоорду тандоо жана аткаруу жөнүндө жобонун негизинде даярдалат.

Өтүнмөлөрдүн электрондук версиясын knugrant@gmail.com дарегине, ал эми  басма түрүндөгү версиясын Илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнө тапшырылат (5-корпус, 222-кабинет). Тел: (0707) 58-70-88

Добавить комментарий