2025-жылдын 29-август күнү Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кош-Дөбө айылында №34 Ш.Тезеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн куттуктоосу менен башталып, өлкө башчысы жаңы окуу жылын жаңы билим уясында баштап жаткан окуучуларга жана мугалимдерге бекем ден соолук, ийгиликтерди жана билим майданында жаңы жеңиштерди каалады.

Ачылыш аземине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев катышып, ректордун куттуктоо сөзү менен тааныштырды. Өз сөзүндө ал өлкөнүн келечеги билимдүү муундун колунда экендигин белгилеп, билим берүүгө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордукту жогору баалады.

Мындан тышкары, Кыргыз улуттук университети мектепке баалуу белектерди тапшырды. Алардын катарында окуу жана адабий китептер, 5 томдук “Жусуп Баласагын энциклопедиясы” жана Ысык-Көлдүн кооз көркүн чагылдырган сүрөт чыгарма бар.

Бул белектер жаш муундун руханий жана илимий дүйнөсүн байытып, билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында тартууланды. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда айыл тургундары жана мектеп жамааты мамлекет тарабынан билим берүү тармагына бурулуп жаткан көңүл үчүн ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий