Четверг, Мая 23, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

КУУдагы соңку жаңылыктар

№9-жатаканада электр жарыгы эмне себептен өчүрүлдү?

00№9-жатаканада жашагандардын азыркы учурдагы эӊ маанилүү суроосу - “Эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлүп, бизди чыккыла деп жатышат?”. Албетте, бул суроонун жөнү бар: ким эле жылуу-жумшак жашап жаткан жеринен козголуп, башка жакка көчкүсү келсин. Ызасы ичине батпаган кээ бирлери “Ректорат экотехинспекцияны өзү чакырып, имарат авариялык абалда деген бүтүм чыгартып жатат. Чыныгы маскат башка” ж.б.у.с. сөздөрдү да айтып жатышат. Бул, албетте, маалыматтын жетишпегендигинен улам чыккан сөз. Анткени:

 

"Кош жылдыз-2018" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

002018-жылдын 24-март күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Кош жылдыз-2018" чыгармачыл сынагы болуп, 1-орунду К.Исаев менен А.Бөдөшовдун "Эңсөө" чыгармасын аткарган факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Керимбеков Чынгыз менен педагогика факультетинин доценти Сураналиева Каным ээлешти.

 

Канат Садыков: "Жатаканаларда тартип орнотуу керек!"

002018-жылдын 26-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков №9-жатакананын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Андан кийин, ректораттын жыйындар залында аталган жатканадагы абал боюнча факультет декандары катышкан кеңешме болуп, жыйында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

 

КУУнун студенттери имараттардын айланасын тазалашты

00

2018-жылдын 24-мартында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 30, журналистика факультетинин 20, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 30 жана юридикалык факультеттин 50 студенти ишембиликке чыгып, башкы жана 2-окуу имараттарынын айланасын акыр-чикирден тазалап, тартипке келтиришти. 

 

КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи (толукталды)

00

2018-жылдын 21-март күнү 8-окуу имаратынын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Умай эне аянтта отурган жамаатты арча түтөтүп,_аластагандан кийин, ректор Канат Садыков менен профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин Нооруз майрамы менен кызуу куттукташты.

 

КУУнун студенттери ишембиликке чыгышты (жаңыланды)

00Кыргыз Өкмөтүнүн №66-б Токтомун жана Министрликтин №262/1 буйругун аткаруу максатында чыгарылган ректордун №84-буйругунун негизинде 2018-жылдын 17,19-март күндөрү Улуттук университеттин 300дөн ашуун студенттери ишембиликке чыгышып, өздөрү окуган окуу имараттарынын айланасын акыр-чикирден тазалашып, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту. 

 

КУУнун кыздар командасы - тогуз коргоол боюнча ТУА чемпиону

00

2018-жылдын 17-мартында Кыргызстан эл аралык университетинде Түрк университеттери ассоциациясынын Студенттер кеңеши тарабынан тогуз коргоол жана мангала оюну боюнча турнир уюштурулуп, жыйынтыгында КУУнун кыздар командасы чемпион аталды.

 

Канат Садыков КУУнун өнүгүү стратегиясы жөнүндө айтып берди

00

2018-жылдын 16-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында "Улуттук университеттин өнүгүү стратегиясын" иштеп чыгуу боюнча семинар болуп, КУУнун ректору Канат Садыков жыйынга катышкан кафедра башчылары менен бул багыттагы өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.

 

Гүлшан Молдоева журфактын студенттери үчүн мастер-класс өттү

0

2018-жылдын 15-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында белгилүү диктор, «Арноо» концертинин алып баруучусу, «Данк» медалынын ээси Гүлшан Молдоева журналистика факультетинин теле-радиожурналистика багытында окуган студенттери үчүн мастер-класс өттү..

 

Кайрымдуулук көрсөтөлү

00

Бир жумадан бери башкы имараттын фойесинде  атайын үкөкчө орнотулуп, облустардагы балдар үйүнө, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн акча каражаты топтолууда. Бул акция "Ыйык жол" коомдук фондунун алдындагы жаштардын “SOS! Жакшылык тартуулайбыз” кайрымдуулук уюму тарабынан өткөрүлүүдө.

 

КУУнун экономисттери ОшМУдагы кесиптештери менен онлайн ТС өткөрүштү

002018-жылдын 13-мартында экономика факультетинин экономика кафедрасынын окутуучулары башкы имараттагы Азиз Санжар атындагы_кыргыз-түрк ресурстук борборунда ОшМудагы кесиптештери менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын экономикасындагы агрардык сектордун келечеги» аттуу онлайн тегерек стол өткөрүштү. 

 

Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги КУУга автоунаа белек кылды

00

2018-жылдын 6-март күнү Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн 1-орун басары Имай Сэйдзю мырза КУУнун ректору Канат Садыковго Toyota Land Cruiser автоунаасын тапшырды. Аталган жолтандабас Улуттук университетке "Кыргыз-Жапон борбору" долбоорунун алкагында JICA менен активдүү өнөктөш болгондугу үчүн берилди.

 

Майрамыңыздар менен, урматтуу КУУнун айымдары!

00

2018-жылдын 6-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Жадыраган жаз менен кошо кирип келген 8-март майрамы менен Улуттук университеттин айымдарын ректор Канат Садыков кызуу куттуктады.

 

КУУда Ак калпак күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү

00

2018-жылдын 5-март күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада Ак калпак күнүнө карата флешмоб болуп өттү. Иш чаранын катышуучулары андан кийин борбор калаанын Ала-Тоо аянтына жүрүш жасап, патриоттук ырларды ырдап, улуттук бийлерди бийлеп, Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтып, аянтта чогулган элге өнөрлөрүн көрсөтүп келишти.

 

Аялдардын эл аралык күнүнө карата кандай эс алабыз?

martКУУнун ректору Канат Садыков 2018-жылдын 1-мартында кол койгон №55-буйрукка ылайык, бир жумада 5 күн иштеген кызматкерлер үчүн 9-март 3-мартка которулуп, алар 8,9,10,11-март күндөрү эс алышат, ал эми 6 күн иштегендер үчүн 9,10-март иш күндөрү болуп эсептелинет.

 

Абдиламит Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун сыйлыгы ыйгарылды

00

Жалпы түрк маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчун Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналистика факультетинин ардактуу профессору Абдиламит Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун 2018-жылдагы сыйлыгы ыйгарылды.

 

КУУда Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди

002018-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев ачып, КУУнун ректору Канат Садыковго сөз узатты. Ал бүгүнкү белгиленип жаткан датанын маңызына токтолуп, иш чаранын катышуучуларын эне тил майрамы менен куттуктады.

 

Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде»

00Ата-мекенди коргоо жана аны көздүн карегиндей сактоо – ар бир атуулдун, өзгөчө эр азамат жигиттердин мойнундагы милдет. Бирок акыркы учурларда альтернативалык белгиленген акчалай наркты төлөп, аскер  кызматын өтөөдөн баш тарткандар көбөйүп бараткандай туюм калтырат. Буга эмне себеп?

 

КУУнун тогуз коргоолчулары - "Ден соолук" спартакиадасынын чемпиону!

00

2018-жылдын 13-17-февраль күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери арасында “Ден соолук-2018" спартакиадасынын алкагында тогуз коргоол боюнча турнир болуп, анда КУУнун эркектер жана кыз-келиндер командалары чемпиондук наамды жеңип алышты.

 

КУУнун студенти “Пенчак силат” боюнча эл аралык турнирде 3-орунду ээледи

00

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин «юриспруденция» программасынын 1-курс студенти Шамшидин уулу Асан “Пенчак силат” боюнча Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп жаткан Азиялык турнирде 3- орунду ээледи.

 

КУУда Ооган согушунун ардагерлери сыйланды (толукталды)

00

2018-жылдын 15-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун профсоюз комитети тарабынан уюштурулган советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 29 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Ооган согушунун ардагерлерин бүгүнкү майрамы менен КУУнун ректору Канат Садыков жана профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырышты.

 

КУУда китеп окуу боюнча интеллектуалдык оюн болуп өттү

00

2018-жылдын 14-февралында биология жана физика, электроника факультеттеринин ортосунда китеп окуу боюнча интеллектуалдык оюн болуп өттү. Таймаш К.Жунусалиевдин «Ойлон ойгон» китебинин алкагында жүргүзүлүп, биология факультетинин студенттери жеңишке жетишти. 

 

Кыргыздын атактуу акындары КУУнун студенттери менен жолугушту

00

2018-жылдын 13-февралында башкы имараттагы кичи жыйындар залында атактуу акындар Сейит Жетимишев, Тазагүл Закирова, Калчоро Көкүлов, Бактыгүл Чотурова, Атантай Акбаров жана Жыпар Исабаевалар КУУнун студенттери менен жолугушту. Жыйындын катышуучуларын поэзия кечеси менен КУУнун ректору Канат Садыков куттуктады. 

 

КУУда жумуш орундарынын жарманкеси өткөрүлдү

00

2018-жылдын 13-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жумуш орундарынын жарманкеси болуп өттү. Иш чараны Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат-кеңеш берүү борборунун мүдүрүнүн орун басары Алмаз Алыбаев ачып, жаштарды жумуш менен камсыздоонун жолдору тууралуу айтып берди.

 

Страница 13 из 17

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 617 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер