Абдыганы Халилов “КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыктуу болду
Журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти Абдыганы Халилов “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыктуу болду. Аталган сыйлыкты өлкө башчысы Садыр Жапаров 2021-жылдын 2-апрелинде мамлекеттик резиденциянын азем залында салтанаттуу түрдө тапшырды. КУУнун жалпы жамааты Абдыганы Дарманбековичти татыктуу сыйлыгы менен чын дилден куттуктап, агайга чың-ден соолук, иштерине ийгилик каалайт!
Кыскача маалымат
Халилов Адыганы Дарманбекович 1975-жылы А.А.Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасына окутуучулук кызматка орношуу менен эмгек жолун баштайт. Талыкпаган эмгектин натыйжасында 1980-1994-жылдардын аралыгында ага окутуучу, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары кызмат орундарын татыктуу аркалаган.
Замандын талабына ылайык, 1995-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы Мармар университетинин социалдык-гуманитардык институтуна докторантурага тапшырып, ишин ийгиликтүү жактап, 1999-жылы КУУнун журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын башчысы катары педагогикалык ишмердигин улантат. Ушул эле учурда Кыргыз Республикасынын “Журналистика” адистиги боюнча мамлекеттик стандартын, о.э. ушул адистик боюнча жаңы муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын иштеп чыгуучуларынын бири болуп эсептелет.
2007-жылы факультеттин деканы болуп дайындалып, бул кызматты 2015-жылга чейин үзүрлүү аркалап, мыкты уюштургуч экендигин далилдей алды.
Агайдын агартуу тармагындагы көп жылдык ак эмгеги үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КР Элге билим берүүнүн отличниги, Ж.Баласагын атындагы КУУнин Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери наамдарына татыган.
Отуз алты жылдан ашуун журналистика факультетинде үзүрлүү эмгектенген агайдын илимий ишмердүүлүгүндө кыргыз журналистикасынын, анын ичинде кыргыз басма сөзүнүн тарыхы, Ата Мекендик журнал периодикасынын тарыхы жана өнүгүшү, журналисттик иликтөө, журналистиканын актуалдуу маселелери сыяктуу 40тан ашуун орчундуу илимий макалалары Ата Мекендик жана чет элдик илимий басылмаларда системалуу басылып чыгып турган.
Ошондой эле, агайдын дагы сөз кыла кетүүчү авторлош эмгеги – бул “Журналисттик иликтөө”. Китеп бул багыт боюнча Кыргызстанда биринчи чыккан эмгек катары өзүнүн баалуулугун далилдейт.........
Биз сыймыктануу менен сөз кылып жаткан агайыбыз 40 жылдан бери факультеттин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тынымсыз эмгектенүү менен факультетке бүт өмүрүн арнаган десек ашыкча болбос. Ушул жылдардын ичинде агайдан билим алып кеткен студенттердин арасынан чыныгы профессионалдык чеберчилиги, чыгармачылык интеллекти менен жалпы журтка белгилүү болгон мыкты журналисттердин, жазуучулардын, акындардын, ММКнын жетекчилеринин гана агайы болбостон, факультеттеги канчалаган жаш окутуучулардын устаты, насаатчысы, кеӊешчиси катары кайсы учурда кайрылбагын өзүнө мүнөздүү токтоолугу, сабырдуулугу менен, өзүнүн билим, эмгек тажрыйбасы менен бөлүшүп кеңешин берип келет.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Дарина 24.03.2021 21:14
-
Гульмира
27.02.2021 23:13
Саламатсыздарбы ?биология жана химия факультеттери жонундо толук маалымат бериниздерчи.
-
Рыскелдиева Айдай
10.02.2021 23:01
Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...
Абитуриенттердин ?-лору
-
Мээрим
31.03.2021 17:51
Саламатсызбы менин уулум былтыр мектепти аяктаган, орт тапшырган, бирок окууга тапшыра албай ...
-
Адинай
14.03.2021 17:55
Саламатсызбы? Кайсы факультеттерде бюджетттик орундар бар?
-
Усонов Умот
03.03.2021 15:26
Здравствуйте, я Студент из МУКР 2 курс, можно ли перевестись на Стамотологическ ий факультет
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...