2024-жылдын 3-13-сентябрь күндөрү математика жана информатика факультетинин 10 студенти, 3 магистранты жана профессор Бекболот Канетов менен доцент Бактияр Рахманкулов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетине барып, дарстарды угуп жана алардын студенттерине дарстарды окуп келишти. Бул иш сапар Ж.Баласагын атындагы КУУ менен М. Улугбек атындагы ӨУУнун ортосунда мурдатан түзүлгөн келишимдин алкагында иш жүзүнө ашырылды.
Иш сапарды КУУнун академиялык мобилдүүлүк боюнча бөлүмдүн башчысы Саадат Шерматова уюштуруп, башынан аягына чейин студенттер менен тыгыз байланышта болуп турду.
КУУнун өкүлдөрүн М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин профессору Р.Б.Бешимов менен математика факультетинин деканынын орун басары Ф.Мухамадиев жылуу тосуп алышты. Студенттер менен окутуучулар мыкты жатаканаларга жайгаштырылып, үч маал ысык тамак уюштурулуп берилип жатты. Биз тараптын өтүнүчү боюнча 72 сааттык график менен ӨУУнун математика факультетинин профессорлору жана доценттери эртен мененки 9 дан кечки 18 ге чейин дарстарды жана практикалык сабактарды өтүштү. Айрыкча профессор Р.Б.Бешимов, доценттер А.М.Байтураев, Р.М.Джураев, Н.Маматовалар өткөн сабактар кызыктуу болду. Ал эми профессор Б.Э.Канетов менен доцент Б.З.Рахманкулов алардын 2,3-курс студенттерине “Диффернециалдык геометрия жана топология” предметинен 12 сааттык дарс окушту.
ӨУУнун математика факультетиндеги илимий семинарда профессор Б.Э.Канетов, доцент Б.З.Рахманкулов, магистранттар А.Таалайбекова, Б.Нурланова илимий баяндамаларды жасашып, кызыктуу баяндамалар үчүн факультеттин деканы О.С.Зикиров сертификаттарды тапшырды.
Доцент Бактияр Рахманкулов өз докладында β-сымал компактификациясын жана Волмен реалкомпактификациясын тургузган COZ-функциялар алгебрасынын үзгүлтүксүз функциялар алгебрасы менен дал келиши жөнүндө Хейджердин проблемасы чечилгендиги тууралуу теореманы математиканын хабилитацияланган доктору, ф.-м.и.д., профессор, УИАнын корресподент-мүчөсү Чекеев Асылбек Асакеевич менен биргеликте далилдегендиги тууралуу сөз кылып, илимий жетекчисин эскерип, экөө баштап бүтпөй калган илимий эмгектерди улантып иштеп жаткандыгын билдирди.
КУУ менен ӨУУнун математика факультеттеринин тарбия иштери боюнча орун басарлары Бактияр Рахманкулов менен Мусажон Маматкулов тарбиялык иштердеги көйгөйлөр жана эки элдин жаштарынын биримдиги, достугу тууралуу сөз кылышты. О.э. сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Startup-жаңы муундун бизнеси саналган коммерциялык проекттинин стартапери болууну көздөгөн студенттердин, ийгиликке карай интернет-бизнес багытында, уникалдуу идеяларга жана инновациялык өнүмдөргө ээ болуудагы алгачкы кадамдары тууралуу сөз болду.
Эки тараптуу жолугушуу учурунда эки республикага эмгеги өткөн кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаков 1939-1945-жылдары Өзбек ССРнин, 1945-1961-жыдары Кыргыз ССРнин социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан өнүгүп-өсүүсүнө чоң салым кошкондугу жөнүндө сөз болду.
Өмүрү өрнөк инсан Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүн кийинки муунга айтып, артында калган эмгектери менен тааныштырып туруу, жаштарга шык берери талашсыз.
КУУнун студенттеринин айтымында, мындай мобилдүүлүк программасынын алкагында башка өлкөгө баруу, бул чет мамлекеттин жогорку окуу жайлардын уникалдуу окуу тажырыйбасын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн, жаңы досторду табуу менен бирге келечекте атаандаштыкты жеңүү жөндөмдүүлүктүн пайда болушун баса белгилешти.
Кыргызстандык студенттер ӨУУнун информациялык ресурстары жана китепкананын материалдары менен камсыз болушуп, делегаттар үчүн Ташкент шаарына саякат уюштурулду.
Белгилеп кетчү нерсе, 1600 дөн ашык студенти окуган, 42 илимдин докторлору жана профессорлору, 47 илимдин кандидаттары жана доценттери, 7 академик эмгектенген жана “QS WORLD UNIVERSITY RANKINGS BY SUBJECT” рейтингде 451 позицияны ээлеген ӨУУнун математика факультетинен үйрөнчү көп нерсе бар экенин баса белгилеп кетебиз.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент