2024-жылдын 18-сентябрында санариптик технологиялар борборунда практика жана карьера борбору “Билимдүү” коомдук фонду жана “Pro KG“ профессионалдар клубу менен биргеликте семинар-конференция өткөрдү.

Иш чарага ректор Догдурбек Чонтоев, инвестиция боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, экономиканын жогорку мектебинин директору Нуриза Мусаева, ПжКБ директору Замир Бакалбаев, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин жетекчилиги жана аталган факультеттердин студенттери катышты.

Чакырылган коноктор:  Логунов Федор -“Pro KG“профессионалдар клубунун аткаруучу директору, Аманат Молдокеева – аталган клубдун байкоочу кеңешинин төрагасы, Алтынай Токтосунова – “Лидер” программасынын жана FinOlimp проектинин координатору, Жылдыз Токтосунова – “Лидер” программасынын финалисти, КУУнун студенткасы.

Семинар-конференцияны ректор Догдурбек Чонтоев ачып, келечектин кесипкөй адиси болуу үчүн талыкпай изденүүнүн жана эмгектин маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге олимпиада жана “Лидер” программасына катышууда ийгилик каалады жана жаш муундардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң  салым кошуп аткандары үчүн компаниянын жетекчилигине  ыраазычылык билдирди.

Өз ара кызматташуунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Pro KG “профессионалдар клубу экономиканын жогорку мектебине, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетине, практика жана карьера борборуна ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Ал эми Логунов Федор,  Аманат Молдокеева жана Алтынай Токтосуновага билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн КУУнун ыраазычылык каттары тапшырылды.

Андан кийин сөз алган Сергей Логунов жана Аманат Молдокеева “Pro KG“ профессионалдар клубу 2009-жылы чет өлкөлүк окуу жайларда билим алган, карьерасын дүйнөлүк белгилүү компанияларда уланткан жаш адистер тарабынан түзүлгөндүгүн жана анын миссиясы профессионалдарды бириктирген платформаны түзүү жана келечектеги лидерлерди багыттоо жана үйрөтүү болгондугун айтып беришти.

Студенттер кызыгуу менен маалыматтарды угушуп, түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышты. Иш чара жогорку профессионалдык деңгээлде академиялык карым катнаш жана пикир алмашуулар менен коштолду.

(С) Напасова Айдай – ПжКБнын жетектөөчү адиси

Добавить комментарий