2024-жылдын 19-сентябрда башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Гудимова Альбина Николаевнанын 90 жаш юбилейине карата И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтуну тарабынан “65 жыл педагогикада: окумуштуунун педагогика илимине жана практикасына кошкон салымы ” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган институттун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чаранын модератору мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Алахан болду.

Институттун директору Рахат Сулайманова Альбина Николаевнанын эмгек жолу, университетке кошкон салымы тууралуу тааныштырган соң, п.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов, ректордун кеңешчиси, ф.и.к., доцент Канат Садыков, ККИнин маалыматтык технологиялары боюнча магистратурасынын жетекчиси Г.Б.Абакирова ж.б. кызыктуу докладдарды окушту.

Жыйын С.С.Кулуева, В.В.Гудимов, Е.А.Терлыга менен биргеликте окумуштуу А.Н.Гудимованын өмүр жолуна арналган “65 лет в строю” аттуу китебинин презентациясы менен уланды.

Институттун студенттери профессор А.Н.Гудимова жөнүндө жагымдуу ойлору менен бөлүшүштү. Институттун МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Гулназ, кафедранын профессору, п.и.д. Н.О.Мааткеримов, п.и.к., доцент С.А.Конгайтиева жана башкалар куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Институттун директору, п.и.д., профессор Р.Т.Сулайманова А.Н.Гудимованын педагогика илиминин жана практикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык айтып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

(С) Айсулуу Эгамбердиева – ПКМДИнин окутуучусу

Добавить комментарий