География, экология жана туризм факультетинин студенттери Голландиялык гидролог адис Льюменс Макс менен жолугушуп, студенттерге гидрологиялык изилдѳѳлѳр боюнча тегерек стол уюштурулду.
Льюменс Макс Москва мамлекеттик университетинин география факультетинде билим алып, дипломдук ишке талаа шартында маалыматтарды топтогондугун, азыркы мезгилдеги «Гидрология» багытындагы илимий изилдѳлѳр тууралуу кенен маалыматтар менен ой бѳлүштү.
Жаш гидролог билим алуусун Голландиядан магистратураны University of Twente, программу Water Engineering and Management уланткан. Азыркы мезгилде Голландиядагы гидрология боюнча жүргүзүлүп илимий изилдѳѳлѳр жана ѳзүнүн аткарып жаткан кызматы тууралуу студенттер менен ой бѳлүштү.
Жолугушуунун акырында Льюменс Макс Кыргызстандын ѳтѳ кооз жана сырдуу табиятына суктанаары тууралуу айтып, «Кыргызстанга келген 10 күндүн ичинде ажайып кооздукту кѳрдүм. Бул жактагы ар-бир коктуда кайталагыс кѳрүнүш бар» -деп аяктады.
Студенттер адистик боюнча кызматка кирүүдѳ кандай сапаттар негизи мааниге ээ жана суу ресурстарын пайдалануу боюнча суроолорду берип, жолугушуу кызыктуу ѳттү. (С) Нурзат Насир кызы – картография лабораториясынын башчысы
(С) Нурзат Насир кызы – картография лабораториясынын башчысы
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды
