2024-жылдын 28-август күнү проф. И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучулары, тренер-андрагогдор Нуруева Ж.Б., Жылчиева Д. С., Эгамбердиева А. А. генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Аскер институтунун окутуучу-профессордук курамына «Педагогикалык чеберчилик» деген темада семинар-тренинг өтүп келишти.
Аскер институтунунун жетекчилиги ПКМДинин окутуучуларына ыраазылык каттарын тапшырып, мындан ары кызматташарын билдиришти.
(С) Кыдыралиева Айжан — И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин пиар-менеджери