Журналистика жана коммуникация институтунун “Телевидение” билим берүү программасынын студенттери Эсенгул кызы Асел менен Эргешова Кереметтин «Чексиз тереңдиктер суктандырат» жана “Кудурет” даректүү фильмдери эл аралык IX Түрк дүйнөсү документалдуу фильмдердин сынагында финалга чыкты. Аталган сынакка 147 фильм келип түшүп, анын ичинен 12 фильм финалга өткөн.
Фестиваль Түркия дүйнөлүк журналисттер федерациясынын жетекчилиги менен өткөрүлүп, ага Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түрк Республикасы, Автономдуу Түрк Республикалары, Түндүк Македония, Венгрия, Босния-Герцеговина өңдүү түрк жана түрк тилдүү мамлекеттер катышып келет.
Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдер фестивалы түрк тилдүү өлкөлөрдүн ар тарабынан келген даректүү кинорежиссёрлорду колдоо, даректүү жанрдын өнүгүүсүнө жана жайылышына салым кошуу, ар түрдүү жана сапаттуу даректүү тасмалардын көрүүчүлөрү менен жолугушуусун камсыз кылуу жана даректүү тасмаларды тартуулай турган платформа түзүү максатында уюштурулат.
(С) П.Джаныбекова – адис








