2024-жылдын 22-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов казакстандык “Newton Edu” жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин негиздөөчүсү Максут Жаманкарин менен директору Данияр Нурмухамбетти кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мекеменин билим берүү тармагы боюнча кызматташтык мамилелери, анын формалары тууралуу кенен-кесир пикир алмашуу болуп, жыйынтыгында тиешелүү келишимге кол коюлду.
Аталган документте казакстандык абитуриенттердин Кыргыз улуттук университетине тапшыруусун уюштуруу боюнча бир топ иш чаралар каралган.
Жолугушууга о.э. юридикалык колледждин окутуучусу, ю.и.к., доценттин м.а. Элиза Арзыматова катышты.






