2024-жылдын 12-сентябрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда жасалма интеллект боюнча глобалдык форум өткөрүлдү.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен Түштүк Кореянын Кемён университети менен бирге ишке ашырылып жаткан 7 жылдык LUPIC долбоорунун алкагында уюштурулган жыйынга КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Кемён университетинин профессору Пак Кихен мырза (проекттин координатору), Кемён университетинин профессору Джухва Ли айым, Кемён университетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Юн Жиёнг мырза, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев, чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, о.э. КТЖИИнин профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Жыйынды профессор Пак Кихен менен КТЖИИнин директору Амантур Рыспаев LUPIC проектинин максаттары, багыттары жана жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасашып, прикладдык жасалма интеллект багытында КУУда кадрларды даярдоо этабы ийгиликтүү башталганын белгилешти. Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында Кемен университети тарабынан Улуттук университетке 10 компьютер жана 1 сервер тапшырылды.
Форумдун башында профессор Пак Кихен КУУнун мыкты окуган 20 студентине 300 доллар көлөмүндө стипендия тапшырды.
(С) Махабат Сыдыкова – илимий иштер боюнча КТЖИИ директорунун орун басары