2024-жылдын 20-сентябрында «Бажы иши» адистигинин 1-курс студенттери (ТДО-1-24) Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата куратор окутуучу Ч.И.Окееванын жетекчилигинде «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде экскурсияда болушуп, ата-бабалардын тарыхы менен таанышышты.
Студенттер ата-бабалардын басып өткөн жолдору жана алардын эрдиктерине, о.э. мамлекеттин аймагын жана коопсуздугун коргоодо курман болгон замандаштарынын эрдиктерине суктанышты. Алардын арасында Мекен үчүн жанын курмандыкка чалган Алмаз уулу Бейкуттун бир тууган карындашы, 1-курстун студенти бар болгондуктан, студенттер өзүлөрүнүн группалашына көнүл айтышып, куран окушту.
Сапар мыкты жана жемиштүү өттү. Студенттер музейдин экскурсоводун кызыгуу менен тыңдап, өткөн мезгилдеги окуялар жөнүндө маалыматтарды көңүл буруп угушту. Алар музейде болуп, репрессияланган адамдардын сөөктөрүнүн калдыктары казылып алынган аңды өзүлөрүнүн көздөрү менен көрүп, назар салышты.
(С) Океева Ч.И. – укук таануу жана бажы иши кафедрасынын окутуучусу