2024-жылдын 2-сентябрь күнү кыргыз филологиясы факультети менен орус жана славян филологиясы факультетинин 4-курс студенттеринин педагогикалык практикасы башталды. Бул окуяга арналган конференцияга практика жана карьера борборунун башкы адиси Жыпаргүл Шерматова катышып, студенттерге практиканын жаңы талаптары жөнүндө айтып берди.
Кыргыз филологиясы факультетинен бөлүм башчысы Оторбаев Б.К сөз сүйлөдү. Ал мугалимдик кесиптин маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге ийгилик каалады. Иш чарага Байсабаев Б.А, Жаманкулова А., Тыныстанова Н., Беделова К. катышты.
Орус жана славян факультетинин практика жетекчиси Алмаш Абылова студенттерге педагогикалык практиканын күндөлүгүн толтуруунун тартибин түшүндүрүп берди. Иш чарага о.э. жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Дамира Калыбекова менен психология кафедрасынын доценти Гульзира Байгажанова жана башкалар катышты.
(С) Эржигит кызы Айзада – практика жана карьера борборунун жетектөөчү адиси





