2024-жылдын 23-май күнү Улутттук университеттин “Баласагын” тобу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте уюштурган ЖОЖдор аралык студенттердин “Билги” интеллектуалдык теледолбооруна катышты.

Долбоорго 22 окуу жайы катышып, КУУнун “Баласагын” тобу ОшМУнун «Таберик» тобу менен акыл таймашка түштү. “Баласагын” тобу 8 упай менен алдыга чыкты. 

Тайпанын жетекчилери: жаштар саясаты жана спорт департаментинин  директору Кадыр уулу Алмаз, кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары Турдубаева Назгуль.

Топтун курамы: Токтобекова Мунара, Жанышбекова Үпөл, Толобек кызы Тахмина, Кудайберди кызы Айзат жана Эстебес кызы Нурай.

Алдыда дагы баскычтар бар. Долбоордун жаралышы жалпы калайык калкыбызга, анын ичинде билим алып жаткан студенттерге акыл таймашын сыноого эң алгачкы мүмкүнчүлук болду. “Баласагын” тобуна ийгилик!

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий