2024-жылдын 10-сентябрь күнү чет тилдер институтунда Кыргызстандагы англис тил окутуучуларынын “Форум” ассоциациясы жана япон англис тил окутуучулары “THT” (Teachers Helping Teachers) тарабынан окутуучулар үчүн “Humanistic Language Teaching in an AI world” аттуу темада семинар-тренинг өткөрүлдү.
Иш чараны чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, “Лингвистика” кафедрасынын англис тилинин ага окутуучусу Гүлнара Акунова, япон профессорлору Брент Джоунс жана Роджер Палмер салттуу түрдө ачылыш сөздөрү менен башташты.
Семинар-тренингди англис тилининин профессорлору Аманда Джиллис-Фурутака, Брент Джоунс, Роджер Палмер, Карл Хедберг, Майкл Стаут, Йоко Такано жана ага окутуучу Акунова Г.Т., Oxford EduPress окуу борборунун тренери Аида Джусупбек кызы үч секцияга бөлүп иш алып барышты.
Тренингде төмөнкү темалар талкууланды:
- COILing for Humanity, Intercultural Sensitivity and Communicative Competence;
- Activities to Stimulate Active Participation and Critical Thinking in Reading Lessons with High School and University Students;
- Presenting Outside the Box: Alternative Approaches to Presentations;
- Telecollaboration Project Improves Students’ Intercultural Communication Skills;
- Teaching Academic Writing to Advanced English Language Learners in the 21st century.
Иш чара абдан кызыктуу өтүп, окутуучулар жаңы идеяларды, ыкмаларды колдонууну үйрөнүшүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп баарлашышты.
Семинар-тренинг кечки саат 17.00гө чейин уланып, соңунда окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.
(С) Нарынбек кызы Мээрим – “Лингвистика” кафедрасынын англис тилинин ага окутуучусу