2024-жылдын 17-сентябрь күнү Польшадагы Адам Мицкевич Университетинин ардактуу профессору, Кембридж, Оксфорд университеттеринин бүтүрүүчүсү Кристофер Кортен Адам чет тилдер институтунун окутуучуларына «Жасалма интеллектти сабак өтүүдө колдонуунун ыкмалары» деген темада тренинг өттү.
Сабактын соңунда сертификаттар тапшырылып, профессор Кристофер Кортен окутуучулар менен келечектеги чогуу ишмердүүлүк боюнча баарлашты.
Тренингтин аягында чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов профессор Кристофер Кортенге ыраазычылыгын билдирип, белегин тартуулады.
Профессор о.э. чет тилдер институтунун студенттери менен жолугушуп, «Европадага билим стандарттары» деген темада лекция окуду жана Адам Мицкевич Университетиндеги магистратуранын жана бакалавриаттын программалары боюнча маалымат берип, ал жакка тапшыруу мумкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.
(С) Мамытова Асель – чет тилдер институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты