2024-жылдын 2-сентябрында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда Билим күнү белгиленди. Институттун жалпы орто билим берүү программасынын 10-класстарына кабыл алынган окуучуларды ККДжКЖИ директору Алайбек Шамшиев куттуктады.

Гимназиянын башчысы Гүлназ Нуралиева окуу процесси боюнча түшүндүрмө берип, топторго бөлүштүрүп, окуучуларды кураторлору менен тааныштырды.

Иш чара 11-класстардын кураторлору, окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду, жаштар комитетине да келип куттуктоо сөздөрүн айтып, шаңдуу ырларын ырдап беришти.

Салтанатту иш чара аяктаган соң, кураторлор “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар”  темасында класстык сааттарды өткөрүшүп, жаңы келген окуучуларга университеттин имараттарына экскурсия жүргүзүштү.

(С) Бейшеналиева Б.Т. – институттун башкы адиси-курстун менеджери

Добавить комментарий