2024-жылдын 10-сентябрында 10-окуу имаратындагы конференц-залда И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту тарабынан агартуучу, төкмө акын, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата “Кыргыз элинин руханий жана маданий өнүгүүсүндөгү инсандын орду жана агартуучулук ишмердиги” аттуу тегерек стол өткөүлдү.

Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып берген соң, Кыргыз Республикасынын эл акыны, 3-даражадагы Манас орденин ээси, драматург, акын, прозаик Меңди Мамазаирова “Сыдык Алайчиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу: Кыргыз элинин руханий жана маданий өнүгүүсүндөгү орду”, кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы Болот Оторбаев “Акындын акыны Барпыны жеңген Бала ырчы Сыдык Алайчы уулу”, И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу кафедрасынын доценти Чынара Салиева “Агартуучу Сыдык Алайчиевдин санат, насыят ырларындагы нарктуулуктун үлгүлөрү” деген темадагы кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Тегерек столго мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана Сыдык Алайчиевдин неберелери катышышты.

Тегерек столдун максаты:

  • Сыдык Алайчиевдин агартуу тармагындагы, руханий жана маданий өнүгүүсүндөгү ордун терең изилдөө жана талкуулоо, Кыргызстандын тарыхы жана маданиятына кошкон салымын белгилөө, агартуучулук жана мугалимдик ишмердүүлүгүнүн замандаштар үчүн маанилүүлүгүн баса көрсөтүү;
  • Сыдык Алайчиевдин өмүр жолун жана чыгармачылыгын жаңы муунга жеткирүү, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу, о.э. анын мурасын келечекте да сактоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Сыдык Алайчиевдин агартуу жана маданий тармагындагы ордун жогорку деңгээлде баалоо жана анын идеяларын учурдагы коомдук-маданий иштерде колдонуу жолдорун талкуулоо.

Жыйындын жүрүшүндө төкмө акын Баян Акматов Сыдык Алайчиевдин ырларын төгүп ырдап, институтуттун студенттери көркөм окуп беришти.

(С) Айсулуу Эгамбердиева – ПКМДИнин окутуучусу

Добавить комментарий