2024-жылдын 14-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында болуп, жаңы ачылган Жибек Жолу институтуна кабыл алуунун жүрүшү менен таанышты. Кытай Эл Респубикасынын Хэнань университети менен Кыргыз улуттук университетинин кызматташтыгы алкагында ачылган окуу жайдын техкатчылары ректорго кабыл алуу “Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу” жана “Котормо иши” адистиктерине жүргүзүлүп жаткандыгы, абитуриенттер кызыгуу менен келип жатышкандыгы тууралуу айтып беришти.
Төлөбек Абдырахманов Жибек Жолу институтунун кызматкерлерине ийгиликтерди каалап, кабыл алуу планынын аткарылышына тилектеш экендигин билдирди.


