КУУнун алдындагы Конфуций институтунун жергиликтүү окутуучулары кытай тилин чет тили катары үйрөтүү боюнча квалификациялык сынак тапшырып, тиешелүү сертификатка ээ болушту.
Аталган сынак буга чейин кытай жарандары үчүн гана уюштурулуп келген болсо, соңку 2 жылдан бери чет элдик кытай тили окутуучулары үчүн да өткөрүлө баштады. Сынактын максаты – кытай тилин чет тили катары үйрөткөн мугалимдердин кесипкөйлүгүн аныктоо. Сынак жазма жана оозеки бөлүктөн турат: жазма бөлүгүндө фонетика, лексика, грамматика, маданият ж.бю камтылган, ал эми оозеки бөлүгү атайын суроолордун негизинде сынак алуучуларга сабак өтүү деңгээлин көрсөтүү, жеринде берилген тапшырма боюнча сабактын планын түзүү ж.б. камтыйт.
Сынактын жыйынтыгы 5 жылга жарамдуу.
2023-жылы Кыргызстандык 14 мугалим сынакка катышып, кесипкөйлүк боюнча сертификаттарын алышкан. Алардын ичинде КУУнун алдындагы Конфуций институтунун 5 жергиликтүү мугалимдери: Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Жылдыз Усенбаева, жергиликтүү мугалимдер Нургул Калыкова, Алтынай Абирова, Аида Унаспекова, Айсулуу Молдобаева Кыргызстан эле эмес, Орто Азия боюнча алгачкылардан сынакты ийгиликтүү тапшырып, кесипкөйлүк боюнча сертификатка ээ болушту.
Белгилей кетсек, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун аталган сынакты өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Сынак быйыл 21-сентябрда өтөт. Бул сынакка кызыккан жана катышкан мугалимдердин саны жылдан жылга өсүүдө.
(С) Калыкова Нургул – Конфуций институтунун волонтеру




