2024-жылдын 13-сентябрында чет тилдер институтунун лингвистика кафедрасынын француз тили бөлүмүнүн 4 студентине швейцариялык меценаттардын атынан өлчөмү 150 евро болгон бир жолку стипендия тапшырылды.

Акчалай сыйлыкты швейцариялык Файенин үй-бүлөсү кафедра башчысы к.ф.н., доцент Акчекеева М.С. жана институттун директору доцент Уметов К.К. менен биргеликте 1-курстун эки, 2-курстун 2 студентине тапшырышты.

Иш чаранын соңунда студенттер швейцариялык үй-бүлөгө ырызычылык билдиришип, алар менен баарлашышты.

(С) Акчекеева М.С. – лингвистика каферасынын башчысы, к.ф.н., доцент

Добавить комментарий