2024-жылдын 13-сентябрь күнү ректораттын жыйындар залында Улуттук университеттин Камкордук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Асылбек Токтогуловдун төрагалыгы астында өткөн жыйында төмөндөгү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды:

1. 2024-2025 окуу жылынын киреше жана чыгаша сметасы тууралуу;

2. Математика жана информатика факультетине 2024-жылдын 16-сентябрынан тартып институт макамын берүү жана «Математика жана информатика институту» деп атоо жөнүндө;

3. Биология факультетинин «Зоология, жаныбарлардын жана адамдын физиологиясы» кафедрасын 2024-жылдын 10-октябрынан тартып жойуу жана тиешелүү дисциплиналарды тейлеген окутуучуларды «Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы», «Жаппы биология, экология жана лабораториялык иш» кафедраларына которуу жөнүндө;

4. Эл аралык кызматташтык, лидер университет (LUPIC) долбоорунун алкагында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда «Прикладдык жасалма интеллект» кафедрасын түзүү жана билим берүү программаларын бириктирүү менен жаңы кафедраларды уюштуруу жөнүндө;

5. КУУнун кафедраларына кошуу жолу менен юридикалык институттун “Гуманитардык жана табигый илимдер” кафедрасын кайра уюштуруу жөнүндө;

6. Кесиптик колледждин “Тарых”, “Психология”, “Социалдык иш” жана “Туризм” адистиктерин бириктирип, “Көп тармактуу адистиктер” бөлүмүн ачуу жөнүндө;

7. Кытай Эл Республикасынында Ж.Баласагын атындагы КУУнун маалыматтык-гуманитардык колледжин ачуу жөнүндө.

Аталган маселелер боюнча Камкордук кеңешинин мүчөлөрүнө окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова билдирүү жасап, суроолоруна жооп беришти.

Добавить комментарий