2024-жылдын 2-сентябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында 4-курстун студенттери үчүн профессионалдык-профилдик практикага багыттоо конференциясы өткөрүлдү.
Жыйынга кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Карабалаева, ага окутуучу Д.Т.Калибекова жана психология кафедрасынын ага окутуучусу Э.Б.Талгарбекова катышып, студенттерге практиканын максаты, милдеттери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, күндөлүктөр тапшырылды.
Буйруктун негизинде ПиП-1-21 группасынын студенттери Бишкек шаарындагы №4-мектеп-гимназиясына багытталышты.
(С) Нурбекова С.Н. – Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу

