14-сентябрда Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата кесиптик колледждин «Котормо
иши» бөлүмүнүн мугалимдери Айдана Эрмекбаева, Назира Токоева, Мээр Талантбекова, Албина Керимкулова жана ИЯ-1-23, ИЯ-1-24, ИЯ-2-24, СР-1-23 группаларынын 55 студенти Бишкек Панорамасында өткөрүлгөн ишембиликке катышты. Ишембиликке катышуу студенттердин жаратылышка болгон көз карашы менен мамилесине таасир берди. Өсүп келе жаткан муундун экологиялык маселелерге көӊүлүн бурдуруу маанилүү. Ошондуктан мындай иш чараларды өткөрүп, катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн «Эко Деми» коомдук фондуна  ыраазычылык билдиребиз.

(С) Айдана Эрмекбаева – Котормо бөлүмүнүн мугалими

Добавить комментарий