2024-жылдын 13-сентябрында практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев Бишкек шаарындагы №24-гимназияда 9-сентябрдан бери кесиптик-профилдик (педагогикалык) практика өтүп жаткан И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин “Педагогика” багытынын башталгыч билим берүү профилинин 4-курс студенттеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чаранын максаты – пратиканын жүрүшүн көзөмөлдөө жана практиканттарга методикалык жактан колдоо көрсөтүү болду.
Гимназиянын директору Анара Абдураимова, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эльвира Демченко жана мугалимдери практиканттар өздөрүнүн теориялык алган билимдерин практика жүзүндө жогорку деңгээлде көрсөтүп жатышкандыгын белгилеп, алар тууралуу оң пикирлерди айтышты жана мыкты деңгээлдеги студенттерди даярдап жаткандыгы үчүн И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы Гүлназ Адылбек кызы менен профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришти.
Иш чарага о.э. ПжКБнын жетектөөчү адиси Айдай Напасова, И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы Адылбек кызы Гүлназ, практика жетекчилери Назира Кайдиева жана Суусар Исмаилова катышты.
Белгилей кетсек, студенттердин практикасы 11–октябрга чейин уланат.
(С) Напасова Айдай – ПжКБнын жетектөөчү адиси






