2024-жылдын 15-август күнү 5-турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин жогорку билим берүү программаларына өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды.
Абитуриенттер өздөрү тандаган факультет/институттардын техкатчыларына келип, тиешелүү документтерди тапшырууда.
Тапшыруу үчүн абитуриенттерге төмөндөгү документтер керек:
- жалпы орто же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик документ (түп нускасы);
- 3×4 см өлчөмүндөгү 6 фотосурөт;
- паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (түп нускасы).
Белгилеп кетчү нерсе, 5-турда Улуттук университетке жалпысынан 260 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи. 1-орунда 363 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 224 абитуриент менен Кыргыз-Орус Славян университети.
Жалпы 5 турдун жыйынтыгы боюнча Улуттук университетке 8240 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээледи. 2-орунда 7457 абитуриент менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ал эми 3-орунда 6369 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети.
Абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 15,16,17-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында жүргүзүлөт.
5-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.





