2024-жылдын 18-сентябрында кыргыз филологиясы  факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева “Лингвистика (түрк тили)” багытында  билим алып жаткан студенттер менен “Орто Азиядагы Улуу Жибек жолу мурасы – Европа маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда”,  Европа Биримдигинин каржылоосу менен UNESCOнун Алматыдагы кеңсесинин долбоорунун алкагында кыргыз элинин салттуу кийимдеринин реконструкциялоо долбоору боюнча В.Верещагиндин “Кыргыздын бай мергенчиси шумкары менен” (Богатый киргизский охотник с соколом) аталышындагы эмгектеги кыргыз аңчысынын салттуу кийимдери жана жасалгаларын кайрадан калыбына келтирүү жана анын жыйынтыгы сунушталган “Жанданган мурас” көргөзмөсү менен таанышып келишти.

Долбоордун автору чебер-уз, “Кийиз дүйнө” салтту билимдер академиясыны жетекчиси Айдай Асангулова жана көрүнүктүү философ-окумуштуу Жамбы Жусубалиева менен баарлашышты. “Жанданган мурас” долбоорунун экспонаттары менен музейдин  илимий пропагандалоо бөлүмүнүн экскурсоводу Света Жумакадырова тааныштырды.

Кыргыз аңчысы сүрөтү, анын автору, тарыхы жана жандандырылып кайрадан этнограф, тарыхчы, сүрөтчүлөрдүн анализ кеңеши менен  кайрадан тигилип чыккан “калпак”, “бүйүрмө топу”, “жегде”, “чапан”, “бел жоолук”, “жаргак шым”, “ычкыр”, “кажары”, “кисе кур” жана “жоокер бычак” жөнүндө толук түшүндүрмө берип чыкты. Таанышуу суроолор менен коштолду. Студенттер ар бир экспонатты кызыгуу менен карап, жасалган материалды колу менен кармап тааныша алды.

Муну менен катар Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин окумуштуу катчысы, филос.и.к., доцент Жайнагүл Калыбекованын “Кыргыз кол өнөрчүлүгү” боюнча лекциясын угушту. Лектор калк казынасынын бирден бир бөлүгүн түзгөн улуттук кол өнөрчүлүк жана анын түрлөрү, шырдак шыруу, ала кийиз, узчулук, чеберчилик жана руханий маданияттын азыркы абалы, урбанизация, глобализация, санариптешүү шартында  маданий баалуулуктардын сакталышы жана улантылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Андан соң музейдин жасалма колдонмо өнөр бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери Аймира Эсеналиева студенттерге сайма сайуу техникасы боюнча чебер-класс өткөрдү. Студент кыздар менен кошо практикалык түрдө оюу түшүрүү, илме сайма, керме сайма сыяктуу базалык көндүмдөрдү көрсөтүп берди. Бул процесс лекция учурунда да уланып кыздар сайманын элменттерин сайып жетишишти.

Ушул биргелешкен иш чаранын негизинде туш кийиз боюнча адис, белгилүү сайма өнөрүнүн ээси, музейдин илимий иштери боюнча директордун орун басары Алмакан Найзабекова мындан ары студент кыздарга сайма өнөрү боюнча мастер класстарды өткөрүүнү сунуштады.

Жалпысынан, Ф.Н Курамаеванын Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин илимий кызматкерлери менен биргеликте  23-сентябрга Мамлекеттик тил күнүнө карата “Маданияттар аралык коммуникация” сабагынын программасыныны негизинде сөз, тил, байланыш, иденттүүлүк, социум, жалпы адамзаттык жана улуттук маданий баалуулуктар боюнча лекциясы көргөзмө аркылуу бышыкталып, иш чара өз максатында жетти.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий