2024-жылдын 16-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун жаңы ректорун жамаатка тааныштыруу аземи болуп өттү. Жыйынды Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева ачып, сөз кезегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берди.

Ал мурдагы ректор Төлөбек Абдырахманов 2 жылдан ашуун убакыт жигердүү эмгектенгенип, бир катар ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чонтоев Догдурбек Токтосартович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемеси менен тааныштырып, Улуттук университеттин алдында турган милдеттер тууралуу сөз сүйлөдү.

Жыйындын соңунда министр Догдуркул Кендирбаева эки ректорго тең калпак, чепкен кийгизди. Андан кийин Догдурбек Чонтоевди кабинетине киргизип, жаңы кызматтык ордуна отургузду.

КУУнун жамааты мурдагы ректор Төлөбек Абдырахмановго чың ден соолук, иштерине ийгилик каалоо менен жаңы ректор Догдурбек Чонтоевди кызматтык орду менен кызуу куттуктайт!

Урматтуу Догдурбек Токтосартович, сиздин келишиңиз менен Улуттук университет жаңы бийиктиктерди багындыра берсин!

Добавить комментарий