2024-жылдын 4-сентябрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир мырзаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия элчилиги менен Улуттук университеттин ортосундагы кызматташтык мамилелери, анын ичинде кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн келечегине байланышкан маселелер талкууланды.

Күршат Дулкадир мырза Элчилик менен Кыргыз-Түрк Манас университети Кыргыз улуттук университети менен кызматташууга кызыкдар жана түркология жана котормо таануу бөлүмүн колдоого дайым даяр экендигин билдирип, Түркия Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан аталган бөлүмгө волонтер катары атайын жөнөтүлгөн доцент Эра Йавуз Ажар айымды тааныштырды.

Төлөбек Абдырахманов Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташа турган багыттар толтура экенин билдирип, Улуттук университетте түркология бөлүмү болуш керек экендигин баса белгиледи.

Жолугушууга о.э. Түркия элчилигинин жооптуу кызматкери Абдугапар Хайткулов, эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибеков, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова жана улук окутуучусу Фаризат Курамаева катышты.

Добавить комментарий