Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, КУУнун жана эмгектин ардагери Узбеков Сатар Узбекович 2024-жылдын 3-июнь күнү оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Өмүрүн  жаш муундарга, студенттерге билим берүүгө арнап, илимге чоң салымын кошкон ардактуу Агайыбыз эсибизде дайым сакталат. Агайдын үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек жамааты

Маркумду акыркы сапарга узатуу 2024-жылдын 4-июнь күнү саат 13:00дө Москва районунунун Чоң-Арык айылында өтөт.

PS: Сатар Узбековичти акыркы сапарга узатууга бара турган кесиптештерди, 4-июнь күнү КУУнун башкы имаратынын алдына саат 9:00 келүүңүздөрдү өтүнөбүз, атайын уюштурулган транспорт күтөт.

Узбеков Сатар (1928-2024)

Чүй облусунун  Чоң-Арык айылында төрөлгөн. 1948-1951-жж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1943-1946-жж. Фрунзе заводунда жумушчу болуп иштөө менен баштап, 1946-1948-жж. Ала-Бука айылынын орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 1951-1953-жж. Нарын шаарындагы марксизм-ленинизм негиздери мугалимдер институтунун ага окутуучусу, 1953-1966-жж. Фрунзе шаарындагы орто мектептин директору, 1957-1985-жж. КМУнун КПССтин тарыхы кафедрасынын доценти, 1986-1994-жж. КМУнун тарыхты окутуунун методикасы жана коом таануу кафедрасынын башчысы, 1994-1996-жж. факультеттер аралык тарых кафедрасыны башчысы, 1996-2006-жж. Азия жана Африка өлөкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, 2006-2013-жж. Азия жана Африка өлөкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору болуп иштеп, билим берүү тармагына опол-тоодой салымын кошкон.

Үзүрлүү эмгеги үчүн «Улуу Ата Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгектик каармандыгы үчүн» медалы (1947), «Ардак белги» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер (1999) сыйлыктары менен сыйланган.

“Түндүк Кыргызстан граждандык согуш жылдарында (1918-1920-жж.)” аталышындагы  андидаттык диссертациясын 1972-жылы жактап,  30 дан ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектери жарыяланган.

Негизи эмгектери:

1. Северная Киргизия в период гражданской войны. (1918-1920 гт.). – Фрунзе, 1973.

2. Из истории установления совесткой власти в Нарыне // Памятники Киргизстана. Сборник. – Фрунзе, 1977.

3. Тарых жана коом таануу ыкмалары боюнча колдонмо жана контролдук иштер. – Фрунзе, 1989. ж.б.

(С) Айдар Шейшенов- Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий