2024-жылдын 18-сентябрында ректор Догдурбек Чонтоев Батыш Казахстандагы Уральск шаарында жайгашкан Казахстандын инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинен (КазИТСУ) келген делегацияны кабыл алды. Аталган окуу жайдын ректору, академик, профессор, Казакстандын Улуттук инженердик академиясынын мүчөсү Баяхов Алиби Науханович менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жогорку окуу жайдын илим, билим берүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, илимий адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу багыттары боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Алиби Баяхов Догдурбек Чонтоевди жаңы кызматка дайындалышы менен кызуу куттуктап, өзү жетектеген университет тууралуу кыскача маалымат берди жана PhD бөлүмүнүн башчысы Досалы Иманбердиев жетектеген Улуттук университеттин делегациясы жаз айларында КазИТСУга барып, илимий форумга катышканын жана кызыктуу баяндамаларды жасашканын айтып, ынтымакташуу багытында чоң жумуштар аткарылып жатканын билдирди. Ректордун айтымында, делегациянын максаты – мурда кол коюлган меморандумдун алкагында эки университеттин ортосундагы илим, билим берүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, илимий адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу багыттары боюнча кызматташуунү өркүндөтүү.

Догдурбек Чонтоев делегация мүчөлөрүнө ысык салам айтып, Казакстандын билим берүү системасы Кыргызстанга караганда чоңураак жана бир аз астыда (мисалы: “Жаңы технологиялар”, “Болон процесси”, “PhDге өтүү” боюнча), ошондуктан кээ бир нерселерди тажрыйба алып, үйрөнүүгө болоорун белгилеп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Казахстандын инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университети менен чогуу иштешкенге даяр экенин билдирди.

Жолугушууга о.э. Казакстандын жогорку техникалык колледжинин директору Аида Маратова, КИТСУнун вице президенти – санариптик колледждин директору Дамир Айтимов, Алматыдагы колледжин директору Карин Иксанов, докторант Вилора Тапакова жана КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков менен PhD бөлүмүнүн башчысы Досалы Иманбердиев катышты.

Добавить комментарий