Ишемби, Июль 11, 2020

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУнун студенткасы - "Мисс Бишкек- 2018” сулуулар сынагынын жеңүүчүсү

00

Экономика факультетинин 3-курс студенти Асранкул кызы Сезим 2018-жылдын 28-мартында "Saltanat Palace" ресторанында болуп өткөн “Мисс Бишкек-2018” сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды. "Beaty Company Kyrgyzstan" тарабынан уюштурулган жыл сайын өтө турчу бул сынакка быйыл 21 сулуу катышты.

 

МТ колледжинин окутуучулар жамааты ишембилик өткөрүштү

00

2018-жылдын 31-мартында маалыматтык технологиялар колледжинин окутуучулар жамааты ишембилик өткөрүшүп, №3-окуу имаратынын алдындагы бакчаны таштандылардан, акыр-чикирден арылтып, толук тазалашты. Аталган иш чара Кыргыз Өкмөтүнүн №66-б Токтомун жана Министрликтин №262/1 буйругун аткаруу максатында чыгарылган КУУнун ректорунун №84-буйругунун негизинде өткөрүлдү.

 

Токмоктук абиттуриенттер КУУ менен таанышты

00

2018-жылдын 29-март күнү университетке Токмок шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү келип, факультеттер тууралуу маалымат алып кетишти. Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин  кызматкерлери окуу жайдагы жетишкендиктер жөнүндө, ал эми кыргыз-кытай, кыргыз-европа факультеттеринин жана Конфуций институтунун жетекчилери бүтүрүүчүлөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

 

ОшМУнун жаштар комитетинин мүчөлөрү КУУга келишти

00

2018-жылдын 28-март күнү Ош мамлекеттик университетинин жаштар боюнча иш алып баруу бөлүмү менен КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери жолугушуп, эки тарап мындан ары тыгыз иш алып баруу жөнүндө маектешти.

 

№9-жатаканада электр жарыгы эмне себептен өчүрүлдү?

00№9-жатаканада жашагандардын азыркы учурдагы эӊ маанилүү суроосу - “Эмне үчүн электр жарыгы өчүрүлүп, бизди чыккыла деп жатышат?”. Албетте, бул суроонун жөнү бар: ким эле жылуу-жумшак жашап жаткан жеринен козголуп, башка жакка көчкүсү келсин. Ызасы ичине батпаган кээ бирлери “Ректорат экотехинспекцияны өзү чакырып, имарат авариялык абалда деген бүтүм чыгартып жатат. Чыныгы маскат башка” ж.б.у.с. сөздөрдү да айтып жатышат. Бул, албетте, маалыматтын жетишпегендигинен улам чыккан сөз. Анткени:

 

"Кош жылдыз-2018" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

002018-жылдын 24-март күнү Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Кош жылдыз-2018" чыгармачыл сынагы болуп, 1-орунду К.Исаев менен А.Бөдөшовдун "Эңсөө" чыгармасын аткарган факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Керимбеков Чынгыз менен педагогика факультетинин доценти Сураналиева Каным ээлешти.

 

Канат Садыков: "Жатаканаларда тартип орнотуу керек!"

002018-жылдын 26-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков №9-жатакананын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Андан кийин, ректораттын жыйындар залында аталган жатканадагы абал боюнча факультет декандары катышкан кеңешме болуп, жыйында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

 

КУУнун студенттери имараттардын айланасын тазалашты

00

2018-жылдын 24-мартында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 30, журналистика факультетинин 20, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин 30 жана юридикалык факультеттин 50 студенти ишембиликке чыгып, башкы жана 2-окуу имараттарынын айланасын акыр-чикирден тазалап, тартипке келтиришти. 

 

КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи (толукталды)

00

2018-жылдын 21-март күнү 8-окуу имаратынын алдындагы аянтчада КУУнун жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Умай эне аянтта отурган жамаатты арча түтөтүп,_аластагандан кийин, ректор Канат Садыков менен профкомдун төрагасы Кубанычбек Жумабеков Улуттук университеттин окутуучу, кызматкер жана студенттерин Нооруз майрамы менен кызуу куттукташты.

 

КУУнун студенттери ишембиликке чыгышты (жаңыланды)

00Кыргыз Өкмөтүнүн №66-б Токтомун жана Министрликтин №262/1 буйругун аткаруу максатында чыгарылган ректордун №84-буйругунун негизинде 2018-жылдын 17,19-март күндөрү Улуттук университеттин 300дөн ашуун студенттери ишембиликке чыгышып, өздөрү окуган окуу имараттарынын айланасын акыр-чикирден тазалашып, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту. 

 

КУУнун кыздар командасы - тогуз коргоол боюнча ТУА чемпиону

00

2018-жылдын 17-мартында Кыргызстан эл аралык университетинде Түрк университеттери ассоциациясынын Студенттер кеңеши тарабынан тогуз коргоол жана мангала оюну боюнча турнир уюштурулуп, жыйынтыгында КУУнун кыздар командасы чемпион аталды.

 

Канат Садыков КУУнун өнүгүү стратегиясы жөнүндө айтып берди

00

2018-жылдын 16-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында "Улуттук университеттин өнүгүү стратегиясын" иштеп чыгуу боюнча семинар болуп, КУУнун ректору Канат Садыков жыйынга катышкан кафедра башчылары менен бул багыттагы өзүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.

 

Гүлшан Молдоева журфактын студенттери үчүн мастер-класс өттү

0

2018-жылдын 15-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында белгилүү диктор, «Арноо» концертинин алып баруучусу, «Данк» медалынын ээси Гүлшан Молдоева журналистика факультетинин теле-радиожурналистика багытында окуган студенттери үчүн мастер-класс өттү..

 

Кайрымдуулук көрсөтөлү

00

Бир жумадан бери башкы имараттын фойесинде  атайын үкөкчө орнотулуп, облустардагы балдар үйүнө, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн акча каражаты топтолууда. Бул акция "Ыйык жол" коомдук фондунун алдындагы жаштардын “SOS! Жакшылык тартуулайбыз” кайрымдуулук уюму тарабынан өткөрүлүүдө.

 

КУУнун экономисттери ОшМУдагы кесиптештери менен онлайн ТС өткөрүштү

002018-жылдын 13-мартында экономика факультетинин экономика кафедрасынын окутуучулары башкы имараттагы Азиз Санжар атындагы_кыргыз-түрк ресурстук борборунда ОшМудагы кесиптештери менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын экономикасындагы агрардык сектордун келечеги» аттуу онлайн тегерек стол өткөрүштү. 

 

Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги КУУга автоунаа белек кылды

00

2018-жылдын 6-март күнү Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн 1-орун басары Имай Сэйдзю мырза КУУнун ректору Канат Садыковго Toyota Land Cruiser автоунаасын тапшырды. Аталган жолтандабас Улуттук университетке "Кыргыз-Жапон борбору" долбоорунун алкагында JICA менен активдүү өнөктөш болгондугу үчүн берилди.

 

Майрамыңыздар менен, урматтуу КУУнун айымдары!

00

2018-жылдын 6-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Жадыраган жаз менен кошо кирип келген 8-март майрамы менен Улуттук университеттин айымдарын ректор Канат Садыков кызуу куттуктады.

 

КУУда Ак калпак күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү

00

2018-жылдын 5-март күнү башкы имараттын алдындагы аянтчада Ак калпак күнүнө карата флешмоб болуп өттү. Иш чаранын катышуучулары андан кийин борбор калаанын Ала-Тоо аянтына жүрүш жасап, патриоттук ырларды ырдап, улуттук бийлерди бийлеп, Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтып, аянтта чогулган элге өнөрлөрүн көрсөтүп келишти.

 

Аялдардын эл аралык күнүнө карата кандай эс алабыз?

martКУУнун ректору Канат Садыков 2018-жылдын 1-мартында кол койгон №55-буйрукка ылайык, бир жумада 5 күн иштеген кызматкерлер үчүн 9-март 3-мартка которулуп, алар 8,9,10,11-март күндөрү эс алышат, ал эми 6 күн иштегендер үчүн 9,10-март иш күндөрү болуп эсептелинет.

 

Абдиламит Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун сыйлыгы ыйгарылды

00

Жалпы түрк маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчун Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналистика факультетинин ардактуу профессору Абдиламит Матисаковго эл аралык Түрксой уюмунун 2018-жылдагы сыйлыгы ыйгарылды.

 

КУУда Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди

002018-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Эне тилдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил боюнча проректор Садык Тиллебаев ачып, КУУнун ректору Канат Садыковго сөз узатты. Ал бүгүнкү белгиленип жаткан датанын маңызына токтолуп, иш чаранын катышуучуларын эне тил майрамы менен куттуктады.

 

Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата: «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде»

00Ата-мекенди коргоо жана аны көздүн карегиндей сактоо – ар бир атуулдун, өзгөчө эр азамат жигиттердин мойнундагы милдет. Бирок акыркы учурларда альтернативалык белгиленген акчалай наркты төлөп, аскер  кызматын өтөөдөн баш тарткандар көбөйүп бараткандай туюм калтырат. Буга эмне себеп?

 

КУУнун тогуз коргоолчулары - "Ден соолук" спартакиадасынын чемпиону!

00

2018-жылдын 13-17-февраль күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери арасында “Ден соолук-2018" спартакиадасынын алкагында тогуз коргоол боюнча турнир болуп, анда КУУнун эркектер жана кыз-келиндер командалары чемпиондук наамды жеңип алышты.

 

КУУнун студенти “Пенчак силат” боюнча эл аралык турнирде 3-орунду ээледи

00

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин «юриспруденция» программасынын 1-курс студенти Шамшидин уулу Асан “Пенчак силат” боюнча Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп жаткан Азиялык турнирде 3- орунду ээледи.

 

Страница 27 из 31

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 796 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары