Бейшемби, Август 13, 2020

КУУдагы соңку жаңылыктар

КУУга Кытай элдик университетинин делегациясы келди

0

2018-жылдын 12-июнь күнү КУУнун ректору Канат Садыков Кытай элдик университетинин проректору, э.и.д., профессор У Сяоцю мырза баштаган КЭУнун делегациясын кабыл алды. Жолугушууда эки жождун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

 

КУУда "Улуттук университеттин күнү" белгиленди (толукталды)

002017-жылдын 31-майында КУУнун жамааты салтка айланып калган "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. Майрамдык иш-чаралар башкы имараттын фойесинде "Эл сыймыгы болгон бүтүрүүүлөрүбүз" деген Ардак тактанын ачылышы менен башталды.

 

КУУда профессор Насипбек Бакировдун элесине арналган ЭАИПК болуп өттү

00

2018-жылдын 28-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында профессор Н.Б.Бакировдун элесине арналган «География илиминин Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүндөгү орду» аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

 

Түрк тилин окуган студенттерге сертификаттар тапшырылды

00

2018-жылдын 25-майында Түрк тилин окуу борборунда аталган тилди окуган КУУнун студенттерине жана окутуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп ѳттү. Документтерди TOMER окуу борборунун директору Адем Косеоглу тапшырды.

 

Аймакты өнүктүрүүгө багытталган аракеттер (жаңыланды)

00Президентибиз С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атоо боюнча Жарлыгында мерчемделген иштердин аткарылышына жакындан жардам көрсөтүү максатында КУУнун ректору Канат Садыковдун 2018-жылдын 10-май күнкү № 7-32/63 буйругуна ылайык 2018-жылдын 13-14-май күндөрү университеттин 23 кызматкери (проректор, кесиптик кошундун төрагасы, 15 декан, колледждердин 2 башчысы жана 4 лектор) Талас облусуна баруулары каралган болчу.

 

КУУда мамлекеттик тилди окутуунун абалына арналган ОМС өтүүдө

002018-жылдын 24-май күнү саат 10до башкы имараттагы кичи жыйындар залында факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик тилди окутуунун бүгүнкү абалы жана келечеги – ойлор, тажрыйбалар, көйгөйлөр» аттуу кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча окуу-методикалык семинар башталды.

 

Чет өлкөлүк студенттер А.Осмоновдун ырларын окушту

00

2018-жылдын 21-майында Тилдерди үйронүү борборунда кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы, улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган “Алыкулга таазим” аттуу адабий кече болуп өттү. Иш чарага аталган борбор менен эл аралык мамилелер  жана чыгыш таануу факультетинин студенттери катышты.

 

Кабыл алуу комиссиясынын өкүлү региондордо болуп келди

00

КУУнун кабыл алуу комиссиясынын өкүлү Туйбаев Руслан 16-майда Кочкор районунда, 17-майда Нарын шаарында жана 19-майда Сузак районунда болуп, 9,11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө Улуттук университеттин миссиясы, билим берүү программалары, факультеттери, колледждери жөнүндө жана окуу жайга тапшыруунун шарттары тууралуу маалымат берип келди.

 

Башкы имараттын алдындагы клумбаларга гүлдөр отургузулду

00

2018-жылдын 17-майында башкы имараттын алдындагы клумбаларга ботаникалык бак жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2 миң 460тан ашуун тагетес, сальвия, "львиный зев", гацания, агератум жана циния аттуу гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду.

 

КУУнун окутуучусу – эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону!

00

2018-жылдын 9-13-май күндөрү дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт Грециянын Родос шаарында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк "International Extreme Games» мелдешинде MMA боюнча II, ал эми грепплинг боюнча III орунга ээ болду.

 

КУУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

00

2018-жылдын 15-май күнү Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору_Канат Садыков_алып барган жыйында келерки окуу жылына студенттерди кабыл алууга даярдык, окуу-методикалык кеңештин быйылкы окуу жылында аткарган иштеринин жыйынтыгы жана башка маселелер каралды.

 

КУУда жасалма интеллект жана робот техникасына арналган семинар болду

00

2018-жылдын 12-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети тарабынан "Жасалма интеллекттин азыркы учурдагы абалы жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев катышты.

 

Педфактын деканы Рахат Сулайманова студенттер менен жолугушту

00

2018-жылдын 11-май күнү “Шанс” китеп дүкөнүндө педагогика факультетинин деканы, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын баш редактору, КР билим берүүсүнүн мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Рахат Сулайманова  студенттер менен жолугушту. 

 

Физфактын жамааты кесиптеши Маамет Койчуманов агайды эскерди

002018-жылы 10-майында физика жана электроника факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Маамет Койчумановду эскерүү иш чарасы өттү. Устат агай жөнүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев сөз сүйлөдү.

 

Университеттин жаштары “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышты

00

2018-жылдын 9-май күнү комчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин жаштары борбор калаада болуп өткөн “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышып, андан кийин Жеңиш аянтындагы Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аталардын эстеликтерине гүл коюшту.

 

КУУда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

0

2018-жылдын 7-май күнү КУУда Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Согуштун жана тылдын ардагерлерин Жеңиш күнү менен КУУнун ректору Канат Садыков жана бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабековдор куттукташты.

 

Студсенаттын активисттери түштүктөгү мектептерге барып келишти

002018-жылдын 12-17-апрель күндөрү студенттик сенаттын активисттери Асанбеков Атайбек, Чеченбеков Даниэл, Сатыбалдиев Токтор жана Мамат уулу Бекзат Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы бир топ шаар, район борборлоруна жана айылдарына барып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти.

 

Математика жана информатика факультетине 86 жыл

00

2018-жылдын 30-апрелинде 6-окуу имаратындагы 5-дарсканада математика жана информатика факультетинин 86 жылдык маарекеси белгиленди. Факультет жамаатын маареке майрамы менен илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев куттуктады.

 

КУУда «Мен репортер» аталышындагы видеороликтердин сынагы болуп өттү

00

2018-жылдын 25-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында «Мен репортер» аталышындагы видеороликтердин сынагы болуп өттү. Иш чараны журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева ачып, ар бир катышуучуга ийгилик каалап өттү. Сынактын калыстар тобуна Кыргызстанга белгилүү телеканалдардын жетекчилери кирди.

 

Кочкорлук жана Кадамжайлык бүтүрүүчүлөр КУУ менен таанышты

00

2018-жылдын 24, 26-апрель күндөрү Улуттук университетке Кочкор районундагы жана Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы орто билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келишип, КУУнун окуу системасы, факультеттери, иш-чаралары жана студенттердин жашоосу менен таанышып кетишти.

 

2018-жылдагы “КУУнун периси” аныкталды

00

2018-жылдын 25-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында “КУУнун периси-2018” чыгармачыл сынагынын финалы болуп өттү. Шоу концертке Улуттук университеттин 22 сулуусу катышты. Калыстар тобунун чечими менен бул жылдагы "КУУнун периси" наамы маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин студенти Жумагулова Назикке ыйгарылды.

 

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар КУУнун ардактуу профессору болду

002018-жылдын 20-апрель күнү Нобель сыйлыгынын ээси, түрк биохимиги Азиз Санжар мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Салтанаттуу иш чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырза, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Түрк кызматташтык агентствосунун координатору Али Муслу мырза, ЖОЖ ректорлору жана КУУнун окутуучулар жана студенттер жамааты катышты.

 

КУУда Апрель баатыры Ж.Кудайбергеновдун элесине арналган турнир өттү

002018-жылдын 18-апрель күнү 6-окуу имаратындагы спорт залда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын мугалимдеринин демилгеси менен 7-апрель окуясынын баатыры Кудайбергенов Жолдошбектин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү. Беттешке факультеттин 1-4-курстарынан 5 команда катышы.

 

Учкуч Союзбек Салиев КУУнун студенттери менен жолугушту

0

2018-жылдын 16-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында жер шарын жеңил моторлуу учак менен айланып учкан учкуч Союзбек Салиев КУУнун студенттери менен жолугушуп, учуудагы кыйынчылыктар, кызыктуу окуялардан айтып берди жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

 

Страница 26 из 31

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 451 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары